Россиянын президенти Владимир Путин Пекинге боло турган сапарынын алдында Кытайдын “Синьхуа” агенттигине маек берди. Орус лидери Москва менен Пекиндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүн, эки өлкөнүн маданий байланыштары тууралуу айтып берип, Украина кризисин чечүү боюнча Кытайдын планына баа берди.
Маектин тексти Кремлдин сайтына жарыяланды.
Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер жөнүндө
Путин президенттик кызматка киришкенден кийин сапарга чыга турган биринчи өлкө Кытайды тандоосуна өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли себеп болгонун белгиледи.
Ал Россия менен Кытай 75 жыл ичинде «узун жана кээде татаал жолду» басып өтүшкөнүн жана алардын өнүгүүсүнүн ар кандай баскычтарында мамилелердин тарыхый тажрыйбасын эске алышканын белгиледи.
“Бүгүнкү күндө орус-кытай мамилелери тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жетти жана дүйнөдөгү оор кырдаалга карабастан, бекемделүүдө”, – деди орус лидери.
Путин ошондой эле Россия Федерациясы менен КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин тез өнүгүүсүнө көңүл бурду.
Анын айтымында, акыркы беш жылда Россия менен Кытайдын соода алмашуусу эки эсеге өсүп, 2019-жылдагы 111 миллиарддан 2023-жылы 227,8 миллард долларга жогорулаган. Андан сырткары, эсептешүүлөрдүн 90%дан ашыгы улуттук валютада жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, Путин эки өлкөнүн маданий байланыштарына да токтолуп, 2024 жана 2025-жылдар Россия менен Кытайдын Маданият жылдары деп жарыяланганын эске салды.
Россия президентинин айтымында, бул россиялыктардын Кытайдын маданиятына жана искусствосуна болгон жогорку кызыгуусу, ошондой эле кытайлыктардын орус адабияты, искусствосу жана салттары менен жакындан таанышууга умтулуусу менен байланыштуу.
Украина кризиси
Кытай башынан эле украин кризисин саясий жол менен чечүүгө жетишүү үчүн активдүү аракеттерди жасап келет. Үстүбүздөү жылдын 16-апрелинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолукканда Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен чечүүнүн төрт принцибин сунуштаган. 2023-жылдын 24-февралында Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштаган. Ал 12 пунктудан турат.
Путин бул маселе боюнча Кытайдын позициясын жана аракеттерин кандай баалайт?
Москва Кытайдын Украина кризисин чечүү боюнча 12 пункттан турган планын оң баалайт жана жакында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган төрт пункт аны органикалык түрдө толуктайт, деди Путин.
Анын айтымында, Пекиндин мамилелери тынчтыкка жетишүүгө салым кошо турган саясий жана дипломатиялык процесстин негизин түзө алат.
Ошол эле учурда Путин бул демилгелер Украинада да, Батышта да колдоо таппай жатканына өкүнүчүн билдирди. Батыш өлкөлөрү чынчыл жана ачык диалогдун ордуна Орусияны “жазалоону”, обочолонтууну жана алсыратууну каалашат, деп белгиледи президент.
Анын айтымында, алар өз ара урматтоого жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген тең укуктуу, чынчыл жана ачык диалогго даяр эмес.
Батыш өлкөлөрү алардын ордуна Россияны “жазалоону”, обочолонтууну жана алсыратууну каалашат, деп белгиледи Путин.
«Биз бул чыр-чатактын тынчтык жолу менен ар тараптуу, туруктуу жана адилеттүү чечилишин каалайбыз. Биз Украина боюнча диалогго ачыкпыз, бирок бул конфликтке катышкан бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын, анын ичинде биздин кызыкчылыктарды эске алган сүйлөшүүлөр болушу керек», – деди ал.
Путин Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.