Афганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясында добуш буруу укугунан ажыратылды.
Бул тууралуу Afghanistan International маалымат агенттиги БУУдагы Афганистан иштери боюнча атайын өкүл Насир Ахмад Фаикке шилтеме берип билдирди.
Фаиктин айтуусу боюнча, афганистандык миссия үч жылдан бери жылына 200 миң доллар өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны төлөгөн эмес.
Мурда бул каражат республикалык ТИМден түшүп турган, бирок талибдер БУУ өзүнүн өкүлүн расмий түрдө кабыл алганча андай төлөм жүргүзгүсү келбей тургандыгын «Sputnik Афганистан» билдирди.
Мындан мурда Россия БУУнун Башкы ассамблеясына (БА) Коопсуздук кеңешине сунуш менен Палестинаны уюмдун мүчөсү катары кабыл алуу резолюциясынын долбоорун кайрадан колдой тургандыгы маалымдалган.