15-май – палестиналыктар үчүн маанилүү күн. Бул күндү алар “Накба” же “кырсык” деп аташат. 1948-жылы 14-майда Израиль эгемендүүлүгүн жарыялап, эртеси 15-майда согуш башталып, өлкөдө жашаган 800 миңге палестин өз үйүнөн айдалган. Бул күн палестиналыктар үчүн ондогон жылдар бою уланган бир катар кырсыктардын башталышы болду.
«Накба» сөзү палестиналыктардын жана коомдук пикирдин эсине эки өтө жаман эскерүүнү эске салат: биринчиси, 1948-жылы Израилдин түзүлүшү, экинчиси, ошол кездеги 800 миңге жакын палестиналыктын өз мекенинен куулуп чыгарылганы. Накба күнү ошол жылы Палестина жеринин башына түшкөн кырсыктын символу гана эмес, акыркы бир нече ондогон жылдар бою бул элдин башына жүктөлгөн кыйынчылыктарды жана көйгөйлөрдү да чагылдырат.
«Накба күнү» өзөгүндө палестиналыктардын саясий, экономикалык, маданий жана укуктук негиздеринин талкаланышына алып келген жана мыйзамсыз режимдин бар экенин жарыялоого жол ачкан трагедияны билдирет.
Израиль режими 1948-жылдан бери палестиналык шаар-кыштактардын талкалап, Палестина аймактарын оккупациялап, аларды жөөт конуштарга айландырып, палестиналыктарды өз жеринен кууп, алардын мурастарын жана улуттук өзгөчөлүгүнүн издерин жок кылып, жерлердин арабча аталыштарын жөөт аталыштары менен алмаштырып келет.
Бүгүн дүйнө “Накба” күнүнүн 76 жылдыгын белгилеп жаткан учурда, баскынчы режим эл аралык айыптоолордун жана баскынчылыкты токтотуу талаптарына карабай палестиналыктарга каршы агрессиясын улантууда жана акыркы жети айдын ичинде адамзаттын тарыхындагы эң кандуу кыргында миңдеген палестиналык набыт болду.
Израилдин бул кылмыштарынын максаты – палестиналыктарды өз мекенинен күч менен көчүрүүнү көздөгөн жаман планды ишке ашыруу болуп саналат. Бирок айрым мекемелердин статистикасына караганда, Израилдин бул жебеси да ташка тийгендей.
134 миңден ашуун палестиндин өмүрүн алган 76 жыл
Палестинанын Борбордук Статистика бюросу “Накба” күнүнүн 76 жылдыгына карата доклад жарыялады.
Анда Палестинанын ичиндеги жана тышындагы палестиналыктардын саны 1948-жылдагы “Накба” күнүнөн бери болжол менен 10 эсе өскөнү айталат.
“1948-жылы бир миллионго жакын палестиналык жана 1967-жылдагы июнь согушунан кийин 200 миңден ашуун палестиналык жер которгонуна карабастан, дүйнөдөгү палестиналыктардын жалпы саны 2023-жылдын аягында 14,63 миллионго жетти”, – деп айтылат бюронун билдирүүсүндө.
Статистикага ылайык, алардын ичинен 5,55 миллиону Палестинанын ичинде жана 1,75 миллионго жакын палестиналык 1948-жылы басылып алынган аймактарда, ал эми араб өлкөлөрүндө жашаган палестиналыктардын саны 6,56 миллионго жакын, ал эми чет өлкөлөрдө жашагандардын саны 772 миңге жакын.
Палестинанын статистикалык бюросунун билдирүүсүндө Палестинадагы палестиналыктардын саны болжол менен 7,3 миллион адамга жеткени, ал эми жөөттөрдүн саны 2023-жылдын акырына карата 7,2 миллион деп болжолдонгону, бул палестиналыктардын саны Палестинадагы жөөттөрдүн санынан көп экенин көрсөтөрү белгиленет.
Мындан тышкары, статистикада Израиль менен 76 жылдык Палестина элинин укуктарын коргоо үчүн кагылышууда ушул убакка чейин 134 миңден ашуун палестиналык набыт болгону айтылат.
Статистикага ылайык, 2000-жылы “Аль-Акса” интифадасынын башталышынан 2024-жылдын 30-апрелине чейин 46 миң 500гө жакын палестин набыт болсо, 2023-жылдын 7-октябрынан 2024-жылдын 7-майына чейин Газа тилкесиндеги агрессияда 35 миңден ашуун палестиналык мерт болду.
Газазагы согуштун курмандыктарынын арасында 14 миң 873төн ашык бала, 9 миң 801 аял жана 141ден ашуун журналист бар, ошондой эле 7 миңден ашуун жаран дайынсыз жоголгон, алардын көбү аялдар жана балдар.
Каршылык уланат
Палестина эли үчүн бул кайгылуу окуяларга карабастан, Газадагы акыркы окуялар Палестина маселесин глобалдык жана эл аралык көңүл чордонуна салып, Израиль үчүн кырдаалды ого бетер оорлотту. Бүгүнкү күндө Израиль бир тараптан катуу ички карама-каршылыктарга туш болсо, экинчи жагынан бул маселе бүткүл дүйнөдө, ал тургай союздашы жана негизги колдоочусу болгон АКШда анын Газага каршы кылмыштарына каршы нааразылык толкунунун пайда болушуна алып келди.
Мындан тышкары, Израиль Палестинадан Ливан, Йемен жана Иракка чейинки түрдүү каршылык көрсөтүү фронтторунун каршылыгына туш болду. Газадагы ХАМАСтан тышкары, бир тараптан йемендик хуситтер Кызыл деңизде Израилдин деңиз соодасын үзгүлтүккө учуратса, экинчи тараптан Ливандагы “Хезболла” оккупацияланган аймактардын түндүк тарабына үзгүлтүксүз чабуулдарды жасап жатса, үчүнчү тараптан Ирактагы каршылык көрсөтүү топтору да Тель-Авивдин маанилүү объекттерин бутага алууда.
Палестиналык топтор менен аймактагы башка каршылык көрсөтүү топторунун ортосундагы биримдик жана каршылык көрсөтүү палестиндерди кырып жаткан Израилге каршы күрөштө эң жакшы вариант болуп саналат. Анткени Израиль эч кандай жол менен адам укуктарын жана демократиялык пландарды түшүнбөйт жана урматтабайт. Азыркы жол менен каршылык көрсөтүү Палестина элин басып алынган жерлерин бошотуу жана алардын өз укуктарына, анын ичинде мекенине кайтып келүү укугуна жетишүү үчүн акыркы жана идеалдуу этабына жакындата алат.