Ирандын түндүк-батышында өлкө президенти Ибрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан кырсыкка учурады. Алдын ала маалымат боюнча тик учак катуу конуу жасаган.
Аба-ырайынын катаал шарттары жана коюу тумандан улам куткаруучулардын окуя болгон жерге жетүүсү оор болууда.
Тик учактын ичинде президенттен тышкары, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, коопсуздук тобунун башчысы, жансакчылар жана эки учкуч бар.
Окуя түндүк-батыштагы Чыгыш Азербайжан провинциясында Узи жана Пир-Дауд кыштагынын ортосундагы Дизмар токойлуу аймагында болгон.
Кырсык болгон районго куткаруучулар жетишти. Бирок тик учакка жетүү азырынча мүмкүн боло элек.
Аба ырайынын начардыгынан тик учак менен издөө жана учууга мүмкүн болбой, куткаруу иштери кургакта жүргүзүлүүдө.
Издөөгө куткаруучулар тобу, Кызыл жарым ай коомунун куткаруучулары, армия, полиция жана альпинисттер тартылган.
Раиси бүгүн эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен Араз дарыясында курулган “Гыз Галасы” плотинасынын ачылышына катышкан.
Президенттин кортежинде үч тик учак болгон, алар бара турган жерине аман жеткен.