Миллиондогон ирандыктардын мекени үчүн өз өмүрүн берүүгө даяр болушу көп нерседен кабар берет жана бул жагдайды сөзсүз эске алуу керек.
Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдирген россиялык ЖМКлар маалымдашты.
РФ лидери жаңжал башталгандан кийин Ирандын жетекчилиги: «Иран үчүн жан берүү» деген чакырык таштаганын эске салды.
«Бир жуманын ичинде беш миллион адам, азыр болсо он миллиондон ашык адам өз ыктыяры менен Иран үчүн өмүрүн берүүгө даяр экенин билдиришти. Бул абдан маанилүү фактор жана аны ар дайым эске алуу зарыл», — деди Путин Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагындагы пленардык жыйында сүйлөп жатып.
Анын айтымында, Иран жаңжал башталгандан кийин ички туруктуулукту камсыздоодо, коом дагы да бекем бирикти.
«Ирандын жетекчилигине тийиштүү баа бериш керек. Иран өз коомунун ички туруктуулугун камсыз кылып жатат. Бул — айкын факт. Аскердик аракеттер башталгандан кийин Батыштагы айрымдар Иран азыр ичинен ыдырап кетет деп ойлошкон. Бирок бул талдоодогу жаңылыштык болду. Тескерисинче, биз Иран коомунун мурдагыдан да көбүрөөк бириккенин көрүп жатабыз», — деди Путин жыйындын жүрүшүндө.
Эске салсак, 28-февралда Израиль менен АКШнын Иранга каршы агрессиясы башталгандан кийин Ислам Республикасында «Өмүрүмдү берем» аттуу жалпы элдик коомдук өнөктүк башталган. Бул демилгенин негизги максаты — өлкөгө каршы жасалган чабуулдарга жооп катары Иран элинин мекенин, эгемендүүлүгүн жана улуттук баалуулуктарын коргоого болгон даярдыгын көрсөтүү болгон.
Кыска убакыттын ичинде бул өнөктүккө кошулуп, өз ыктыяры менен мекенин коргоого даяр экенин билдирген жарандардын саны 30 миллиондон ашкан. Өлкөнүн бардык аймактарынан миңдеген адамдар катталып, улуттук биримдиктин болуп көрбөгөндөй деңгээли байкалууда.
Агрессия башталгандан бери ирандыктар күн-түн дебей көчөлөргө чыгып, өз өлкөсүнө колдоо көрсөтүп келишет. Ар кайсы шаарларда өткөрүлгөн массалык жүрүштөргө жана митингдерге миллиондогон жарандар катышууда. Эл арасында улуттук ынтымак күчөп, эл бир максатка биригишти.
Байкоочулардын белгилешинче, тышкы коркунучтарга карабастан, өлкө ичинде улуттук биримдик мурдагыдан да бекемделип, элдин мамлекетти жана анын көз карандысыздыгын коргоого болгон эрки күчөгөнү көрүнүүдө. «Өмүрүмдү берем» өнөктүгү бүгүнкү күндө Иран элинин мекенге болгон берилгендигинин жана биримдигинин жаркын көрүнүшү катары бааланууда.