АКШ ок атышууну токтотуу мезгилинен пайдаланып, мунай запастарын толуктай алдыбы?

Акыркы күндөрү айрым фарсы тилдүү аналитикалык аянтчаларында «АКШ ок атышууну токтотуу келишиминен кийин стратегиялык мунай корун кайра толуктап, Иран менен бир нече айга созулушу мүмкүн болгон жаңжалга жана анын мунай рыногуна тийгизе турган таасирине даяр болуп калды» деген маалымат кеңири таралууда. Бул тууралуу Иран ЖМКлары жазышууда.

Чындыгында абал кандай?

Жеткиликтүү маалыматтарга ылайык, Иран менен АКШнын ортосундагы согушту токтотуу боюнча келишимден кийин АКШнын Стратегиялык мунай резервинин (SPR) көлөмү көбөйгөн эмес, тескерисинче бир аз азайган.

Акыркы эки-үч жуманын ичинде АКШнын стратегиялык запастары болжол менен 340 миллион баррелден 319 миллион баррелге чейин азайган. Бул 20 миллион баррелге жакын төмөндөө дегенди билдирет. Статистика көрсөткөндөй, АКШ бир жуманын ичинде мунай бааларын турукташтыруу үчүн дагы 6 миллион баррель мунай чыгарган. Учурдагы көлөм 1983-жылдан берки эң төмөнкү деңгээл болуп эсептелет.

Бул анализдер АКШ стратегиялык мунай корун кайра толуктады деген маалымат негизсиз жана чындыкка дал келбей турганын көрсөтөт.

Бул кырдаалдын Иран менен согуштун уланышына кандай кесепеттери бар?

Техникалык жактан алганда, АКШнын стратегиялык резервдеги мунайдын баарын бирдей колдонууга болбойт. өп учурда этибарга алынбаган эки негизги чектөө бар:

1. Минималдуу эксплуатациялык көлөм

АКШнын мунай сактоочу жайлары туз үңкүрлөрүндө жайгашкан. Насостор менен түтүк системалары үзгүлтүксүз иштеши үчүн резервде белгилүү өлчөмдө мунай сөзсүз калышы керек.

АКШнын Энергетика министрлигинин жана тармактык аналитиктердин баалоосуна ылайык, кадимки шарттарда 60тан 90 миллион баррелге чейин мунай алууга мүмкүн эмес. Бул көлөм техникалык жактан сакталууга тийиш. Ошондуктан, азыр резервде 320 миллион баррель болсо, анын 230–260 миллион баррели гана иш жүзүндө пайдаланууга жарактуу.

2. Мунай чыгаруу ылдамдыгынын чектелиши

Резервуарларда мунай болсо да, анын баарын бир эле учурда чыгара албайт. Өзгөчө кырдаалда АКШ күнүнө эң көп дегенде 4–4,4 миллион баррель чыгара алат.

Бирок бул кубаттуулук да корлордун азайышы менен, туз үңкүрлөрүнүн ичиндеги басымдын азайышы менен жана жабдуулар мурдагыдай натыйжалуу болбой калгандыктан төмөндөйт.

Эгерде Иран менен дагы бир согуш мунай экспортуна кеңири тоскоолдук жаратса, АКШ стратегиялык резервди колдонууга дагы эле жөндөмдүү болот. Бирок рынокту колдоо мурдагыдай узак мөөнөткө жетпейт.

Эксперттердин пикиринде, резерв 250–270 миллион баррелге түшкөндөн кийин өкмөт аны өзгөчө оор кырдаалда гана пайдаланууга аракет кылат. Анткени запастардын андан ары азайышы өлкөнүн келечектеги кризистерге стратегиялык даярдыгына коркунуч келтирет.

Ошондуктан көпчүлүк энергетикалык адистер 300 миллион баррель деңгээлин психологиялык жана стратегиялык маанилүү чек катары эсептешет.

Кырдаалдын курчушу

АКШ менен Ирандын ортосундагы кырдаал кескин курчуп, буга чейин сүйлөшүүлөрдө жетишилген бардык жыйынтыктар жокко чыгуу коркунучу алдында турат.

8-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы бир катар соккулар башталганын билдирди.

Буга жооп катары Тегеран Кувейт менен Бахрейндеги АКШнын аскердик базаларына сокку урду.

Өз ара соккулардан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ менен Ирандын ортосундагы ок атышууну токтотуу режими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирип, Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү улантуунун эми эч кандай мааниси жок деген.

Иран АКШнын ар кандай аскердик агрессиясына мурдагыдан да чечкиндүү жана кеңири масштабдуу жооп кайтарыларын эскертти.