Бишкекте өткөн ШКУнун ИИМ жетекчилеринин Кеңешмесинин жыйынтыгында протоколго кол коюлду

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мезгилинде уюштурулуп, Уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери, ШКУнун Катчылыгынын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин, Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол), ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты.

 

1 of 15

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттердин укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсүнүн абалын карап чыгып, учурдагы криминогендик кырдаалга баа берүү боюнча пикир алышып, практикалык кызматташууну мындан ары чыңдоо боюнча чараларды талкуулашты.

Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү боюнча биргелешкен иш-чараларды өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар чек ара аркылуу баңгизат ташууга каршы күрөштү күчөтүүгө, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга каршы багытталган алдын алуу жана ыкчам чараларды өркүндөтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Талкуунун өзүнчө багыты катары маалыматтык технологияларды пайдалануу менен жасалган кылмыштарга каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташууну өнүктүрүү, анын ичинде жасалма интеллектти мыйзамсыз максаттарда колдонууга байланышкан жаңы чакырыктар жана коркунучтар каралды.

Катышуучулар маалымат алмашуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүүнүн, компетенттүү органдардын ортосундагы координацияны чыңдоонун жана коопсуздукка байланышкан заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы биргелешкен иштин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кеңешменин жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар чагылдырылган жана мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары аныкталган протоколго кол коюлду.

Төрагалык кылуучу тарап катары Кыргызстан катышуучуларга мазмундуу жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирип, ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактык туруктуулукту, коопсуздукту жана укук тартибин чыңдоого болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.