Бишкекте Россия менен Ирандын ИИМ башчылары жолугушту. Сүрөт

Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен Ирандын ички иштер министри Искендер Момени Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында жолугушту.

 

1 of 8

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министрлер аймактагы учурдагы кырдаалды, анын ичинде коопсуздук маселелерин, чек ара коркунучтарына каршы күрөшүүнү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүнү кеңири талкуулашты.

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана Коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге жана киберкоопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мезгилинде уюштурулуп, Уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери, ШКУнун Катчылыгынын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин, Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол), ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында Ирандын ички иштер министри Искендер Момени Тажикстандын, Пакистандын жана Кыргызстандын ИИМ башчылары менен да өзүнчө жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.