Кыргызстан менен Ирандын ички иштер министрлери жолугушту

Кыргызстандын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков ирандык кесиптеши Искендер Момени менен жолугушту.

Жолугушуу Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин Кеңешмесинин алкагында болуп өттү.

 

1 of 5

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Улан Ниязбеков иран тарапка Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеинин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар аймактык кызматташтыкты күчөтүүнү жана экстремисттик топторго жана терроризмге каршы күрөшүү зарылдыгын баса белгилешти.

Бүгүн, 5-июнда Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Ички иштер жана Коомдук коопсуздук министрлеринин жыйыны өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, экстремизмге жана киберкоопсуздук коркунучтарына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Иш-чара Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын мезгилинде уюштурулуп, Уюмга мүчө мамлекеттердин аймагында укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилери, ШКУнун Катчылыгынын, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин, Эл аралык кылмыш полиция уюмунун (Интерпол), ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо бюросунун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын алкагында Ирандын ички иштер министри Искендер Момени Тажикстандын жана Пакистандын  ИИМ башчылары менен да өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.