Путин биринчи жолу коргоо министрин алмаштыргандыгынын себебин айтты

РФнын мамлекет башчысы жаңы коргоо министрин дайындоону коргонууга кеткен чыгымдын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды. 

Россиянын президенти  Владимир Путин биринчи жолу Андрей Белоусовду Сергей Шойгунун ордуна Коргоо министри кызматына дайындагандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Президент Белоусовдун дайындалышын өлкөнүн коргонуусуна чыгымдардын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды.

Бул тууралуу Россиянын мамлекет башчысы 15-майда аскер округдарынын командирлери менен жолугушууда айткандыгын Кремлдин пресс-кызматы билдирди.

Путин азыр коргонууга кеткен чыгымдар өсүп, ИДПнын 8,7 пайызын түзөрүн белгиледи.

«Бул СССРдин учурундагыдай 13 пайыз эмес, бирок өтө чоң сумма. Бул чоң ресурс жана биз аны үнөмдүү жана натыйжалуу бөлүштүрүүгө милдеттүүбүз», – деди россиялык президент.

Путин жаңы коргоо министри Белоусов мурда Экономикалык өнүгүү министрлигин жетектегендигин жана президенттин жардамчысы болуп иштегендигин эске салды. Анын тажрыйбасы армиянын экономикасын жана коргонуу өнөр жай комплексин өлкөнүн жалпы экономикасы менен бириктирүүгө жардам берерине Путин ишенет.

Мындан тышкары Путин Белоусов анын жеке тапшырмасы менен кош колдонуудагы иштеп чыгууларга көңүл буруп, анын ичинде учкучсуз учактарды иштеп чыгууну өнүктүрүү менен иш жүргүзгөндүгүн белгиледи.

Бул жолугушууга Шойгу да катышты. Путин мурдагы Коргоо министрине бул кызматта иштегендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Шойгу коргоо министри болуп 12 жыл иштеген.

Путиндин сөзү боюнча, Шойгунун милдети мамлекет башчыга мамлекеттин бүтүндөй күч түзүмдөрүн жетектөөдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

«Сергей Кужугетович Коопсуздук Кеңешинин Катчысы милдеттерин аткаруудан тышкары президенттин алдындагы аскердик өнөр жай комплекси Комиссиясын  жетектейт жана чет өлкөлөр менен кызматташтык боюнча Федералдык кызматтын иштерин уюштуруу менен да алектенет.

Биздин курал-жарак жана аскердик техника менен чет элдик рынокту камсыз кылуу боюнча өнөктөштөрүбүздүн алдындагы милдетибизди башкаларга караганда жакшы түшүнөт деп ойлоймун. Албетте, биз биринчи кезекте өзүбүздүн Куралдуу Күчтөрдүн керектөөсүн камсыз кылышыбыз керек. Бул өтө кылдат жана маанилүү иш.  Сергей Кужугетович коргоо министрлигинин жетекчилиги, Башкы штабдын начальниги менен биргеликте бул иш менен да алектенет», – деди Путин.

Путин Башкы штабда «кадрдык алмаштыруулар жоктугун жана пландаштырылбай тургандыгын» кошумчалады.

«Бул күжүрмөн иштин тармагы бизде жакшы жолго коюлган, ал ритмикалуу жүрүп жатат жана бул жакта эч кандай өзгөртүүлөр күтүлбөйт», – деди Россиянын президенти.

12-майда  Владимир Путин Сергея Шойгуну коргоо министри кызматынан отставкага кетирген жана аны РФнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы кылып дайындаган. Ошол эле күнү ал Андрей Белоусовдун талапкерлигин аскер ведомствосунун башчысы кызматына сунуштаган.

Комментарий жиберүү