Пекинде Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктап, анын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасашты.
Алар Россия Федерациясынын башчысынын кайра шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапарынын алкагында болду. Эки өлкөнүн лидерлери тарыхта 40тан ашык жолу жолугушкан.
Мамлекет башчыларынын айтымында, Россия менен Кытайдын мамилеси көптөгөн сыноолордон өттү, бирок ага карабастан өз ара түшүнүшүүнүн болуп көрбөгөндөй деңгээлине жетип, мамлекеттер аралык кызматташуу жаатында үлгү боло алды.
Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүлөрү:
Владимир Путин:
- Москва украин кризисин жөнгө салуу боюнча Пекин көтөргөн демилгелер үчүн кытай тарапка ыраазы;
- Россия менен Кытай эл аралык укуктун негизинде адилеттүү дүйнөлүк тартипти түзүү үчүн биргелешип аракеттенүүдө;
- Россия менен Кытай ЕАЭБ жана «Бир алкак, бир жол» демилгесин интеграциялоо боюнча аракеттерди улантуу ниетинде;
- Россия менен Кытайдын ортосундагы өз ара соода жана инвестиция үчүнчү өлкөлөрдүн терс таасиринен ишенимдүү корголгон, банктар аркылуу байланыштарды чыңдоо пландары бар;
- Россия Федерациясы менен Кытайдын энергетика, банк жана автомобиль өнөр жай тармагында кызматташууну тереңдетүү пландары бар;
- Россия менен Кытайдын Маданият жылдарын өткөрүүнүн масштабдуу программасы пландаштырылган;
- Москва КЭР Келечектеги оюндардын активдуу жактоочусу болуп, иш-чаранын бирин өткөрөт деп күтөт.
Си Цзиньпин:
- Россия менен Кытай украин кризисин саясий жол менен жөнгө салуу туура жол деп эсептешет жана Пекиндин бул маселе боюнча позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат;
- Эки өлкө тең эки өлкөлөргө көбүрөөк пайда алып келүү жана глобалдык коопсуздукка жана стабилдүүлүккө татыктуу салым кошуу үчүн бирге иштешет;
- Москва менен Пекин БУУнун борбордук ролу бар эл аралык системаны жана эл аралык укукка негизделген дүйнөлүк тартипти коргойт;
- Кытай Европада тынчтыктын жана стабилдүүлүктү тезирээк калыбына келтирилишине үмүттөнөт жана мындан ары да конструктивдуу роль ойной берет;
Россия делегациясынын Кытайга болгон иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда маалымат алмашуу жана кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Орус тараптан ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов кол койду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Путин менен Си Цзиньпин ар тараптуу өнөктөштүк мамилелерди жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө билдирүүгө кол коюшту.
Белгилей кетсек, Путиндин Кытайга мамлекеттик сапары эки күнгө созулат жана эки этапта болот: 16-майда Путин Пекинде болот, ал эми 17-майда Хэйлунцзян провинциясынын административдик борбору Харбинге барат.