19-май күнү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” @alatoo.center ресторанынын чатырында “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Умма” ислам-журналы маалымдады.
Бул интеллектуалдык иш-чарада Палестинанын нукура маданияты менен кенен таанышууга жана кайрымдуулукка салым кошууга мүмкүн болот.
Конокторду аталган иш-чарада эмне күтөт:
- Белгилүү инсандардын маданият жана тарых боюнча айтып берүүсү;
- Палестина ашканасы менен таанышуу;
- Мыкты ресторандардын бири болгон “Ала-Тоо” ресторанынын даамдуу тамак-аштары;
- Келген коноктор үчүн гана Ала-Тоо Аква паркынан -50% арзандатуу менен билет сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар @aquapark_alatoo_;
- Эң негизгиси @ummastore_kg ден “Код Палестина” аталашындагы жаңы коллекциясынан кийим жана аксессуарларды сатып алуу менен кайрымдуулук иштерине салым кошуу мүмкүнчүлүгү бар.
Иш-чара 19-май күнү “Ала-Тоо” рестораны (Түштүк магистраль. Малдыбаева 54) ресторандын артындагы чатырда саат 14:00дө башталып кечки саат 20:00гө чейин уланат.
Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.