Садыр Жапаров Иран элине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Иран лидери Аятолла Али Хаменеиге президент Ибрахим Раисинин жана аны коштоп жүргөн адамдардын тик учактын кыйрашынан улам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Иран Ислам Республикасынын президенти Улуу Даражалуу Сейед Ибрахим Раисинин трагедиялуу жагдайда тик учак кырсыгынын кесепетинен мезгилсиз дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Улуу даражалуу Сизге жана Иран Ислам Республикасынын боордош элине, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Маркум Президент Эбрахим Раиси Иран Ислам Республикасынын дүйнөлүк аренадагы аброюнун жогорулашына, анын өсүп-өнүгүшүнө жана элинин бакубат жашоосуна эбегейсиз зор салымын кошуп кетти.

Эбрахим Раисинин даанышмандыгы, камкордугу жана кайрымдуулугу, анын жалпы Иран элине жасап кеткен бардык асыл эмгеги ар дайым эсибизде түбөлүккө сакталат.

Биз боордош Иран элинин ушул оор күндөрдөгү аза кайгысын тең бөлүшүүгө ар дайым даярбыз”, – деп айтылат телеграммада.

Ошондой эле Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багериге көңүл айтып, министрликтин жана жеке өзүмдүн атынан дос жана боордош Иран элине, ошондой эле маркум Амир Хоссейн Абдоллахияндын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөрүн билдирди.

Кулубаев Абдоллахиян Ирандын тышкы саясаттагы аброюнун эбегейсиз жогорулашына, карым катнашты чыңдоого жана аймактык туруктуулукка алып келишине түздөн түз салым кошуп келгени, ошондой эле анын талыкпас зор эмгектери тажрыйбалуу чыгаан инсан катары ар дайым түбөлүктө сакталарын белгиледи.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бараткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктаган.

Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев  менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.

Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар жок.

Учурда Иран элине дүйнө эли көңүл айтып, колдоолорун билдирүүдө. 

Комментарий жиберүү