Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер авиакырсыктан каза болгон президент Ибрахим Раисинин милдетин убактылуу аткарат.
Ирандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Жаңы президентти шайлоо 50 күн ичинде уюштурушу керек.
Мохбер 2021-жылы Ирандын биринчи вице-президенти болуп дайындалган. Ал Тегеран университетинин урматтуу профессору. 2009-жылдан бери Ирандын Илимдер академиясынын мүчөсү.
Тик учак кырсыгында Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян да каза тапкан. Анын ордуна Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кяни дайындалды.
Мындан тышкары, кырсыкта каза тапкан Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахматинин ордуна милдетин аткаруучу болуп Тораб Мохаммади дайындалды.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдар бараткан тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында Верзеган аймагына кулап түшкөн. 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана сапарлаштары тик учак кырсыгынан каза болду деген маалыматты тастыктады.
Делегация Азербайжанга болгон сапарынан кийин кайтып келе жаткан. Ал жерде Раиси азербайжандык кесиптеши Илхам Алиев менен чогуу “Гыз-Каласы” плотинасынын ачылышына катышкан.
Тик учакта Раисиден жана Абдоллахияндан тышкары, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар жок.