АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өлкөдө президенттик шайлоого чейинки беш айдын аралыгында үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанып кетиши мүмкүн экендигин билдирди. Анын сөзүн Россиянын РИА Новости агенттиги маалымдады.
Миннесота штатындагы тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып Трамп азыркы куралдардын күчү жүрөгүңдү түшүрөрүн белгиледи. Ал ноябрь айына белгиленген президенттик шайлоого чейин үчүнчү дүйнөлүк согуш башталып кетиши мүмкүн экендигин жокко чыгарган жок. Саясатчы өлкөдө «бул акылы жок адамдын айынан беш коркунучтуу ай тургандыгын» азыркы мамлекет башчы Жо Байденге ишарат кылып кошумчалады.
Ошол эле шайлоочулар менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө Трамп Украинадагы конфликтин башталышынын себебин түшүндүрүп берди. Анын пикири боюнча, ал жагдай АКШ бийлигинде «келесоо адамдар» отургандыктан күч алып кетти.
Мурда Трамп Украинадагы конфликти тынч жол менен жөнгө салуунун планын иштеп чыккандыгы белгилүү болгон. Бирок 2024-жылдын ноябрь айына белгиленген АКШ президентин шайлоого чейин бул долбоорун ачыкка чыгарбай тургандыгы белгиленүүдө.