Бишкекте Бангладеш, Пакистан жана Индиядан келген мигранттарды текшерүү талабы айтылууда

Акыркы учурда Кыргызстанга Бангладеш, Пакистан жана Индиядан  келип, иштеп жаткан  мигранттардын көбөйүп жатышы кыргыз коомчулугунун нааразычылыгын жаратууда.

Бүгүнкү күндө чет элдик мигранттарды Бишкек шаарынын аймагындагы тигүү цехтеринде, жеткирүү кызматтарында жана курулуштарда иштеп жатышканын көп жолуктурууга болот.

Коомчулукта эмгек мигранттарынын саламаттыгын текшерүү керектиги да айтылууда.

Соцтармактардын колдонуучуларынын бири, журналист Элнура Кулуева да “Пакистандан келип, окуп жаткан студенттердин, жумушчулардын баарын флюорографиядан өткөргүлө. Туберкулез менен ооругандар көп. Алардын канын да текшергиле”,- деп кайрылган.

Азыркы тапта ИИМ ар кайсы тармактарда иштеген чет элдик жарандарды текшерип жатат. Анын алкагында, өлкө аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 225тен ашык протокол түзүлүп, 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган. Ошондой эле мобилдик транспорт менен жеткирүү кызматтарында иштеген 400дөн ашык чет элдик студенттин иши токтотулган. ИИМ мындай чаралар чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда «жол кырсыктарынын көбөйгөнүнө байланыштуу жана алар аралашкан кылмыштарды алдын алуу жана аныктоо үчүн жасалып жатканын» билдирген.

Бул маселе Жогорку Кеңеште  да көтөрүлүп, парламенттин 16-майдагы жыйынында депутат Тазабек Икрамов чет өлкөлүктөрдүн эсебинен бюджетке канча салык түшөрү, жалпы канча эмгек мигранты келгенин тактоону тиешелүү органдардан сурады.

Депутат “Кыргызстанга келген Пакистан жана Бангладештин жарандарына иштөөгө уруксат берилеби?“ деген суроо салып, алардын катышуусунда жол кырсыктары да катталып жатканын айтып, айдоочулук күбөлүктөрүн тактоону өтүндү.

Белгилей кетсек, учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Апрель айында эле Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистандын 14, Бангладештин 23 жараны аныкталып, административдик протоколдор толтурулганын Ички иштер министрлигинен билдиришкен. Андан көп өтпөй миграциялык мыйзамдарды бузуп, мыйзамсыз жүргөн Пакистан жана Бангладештин дагы 64 жараны аныкталган. Мыйзамга ылайык, алар келген өлкөлөрүнө депортация болору кабарланган.

15-майда Бишкекте миграциялык мыйзамдарды бузган 28 пакистандык жаран тигүү цехтеринен кармалганын УКМК билдирген. Алардын визасынын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Кармалгандар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми  17-май күнү кечинде пакистандыктардын тобу 2 кыргыз жаранын ур тепкиге алып, токмоктогон видосу соц.тармактарга тараган. Бул видео жарыялаанары менен кыргыз жаштары реакция кылып,  18-майга караган түнү кыргыздардын жоон тобу пакистандыктар менен мушташып, эрте мененки саат 8ге жакын тараганы маалым болду.

Бул масштабдуу мушташты жеринен таратууга күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аракет кылган менен майнап чыккан жок. Маалыматка караганда, 14 чет өлкөлүк жарандар ар кандай жаракат алганы белгилүү болду. Ал эми мушташка катышкан кыргыздардын жаш курагы 17, 18 жаштан өйдө жана 25 жашка чейин экени кабарланууда.

Бул окуя боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коомчулукка кайрылуу жасады. Ал беш минутага жакын сөзүндө кыргыз жаштарынын талабы негизинен туура экендигин, бирок алардын арасында окуяны телефонунун видеосуна тартып алып, интернет желе аркылуу башкача өңүттө тараткандар, туура эмес багытка бургусу келгендер болгондугун айтты. Атайын кызматтын жетекчиси өткөн түнү болгон  окуяда курал менен жүргөндөр да болгондугу, азыр алар такталып, жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда Бишкектеги хостелдердин биринин жанында чет элдиктердин 2 кыргыз  жаранын ур-тепкиге алган видеосу соц.тармакка тарагандан кийин, кыргыз жаштары тез реакция жасап 18-майга караган түнү чет өлкөлүктөр менен кыргыз жарандарынын ортосунда массалык мушташ орун алды.

Бул окуяга күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тартылып, окуяны жеринен чечүүгө аракет кылган менен майнап чыккан жок.

Ал эми 18-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  окуя боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. К. Ташиев кайрылуусунда кыргыз жаштарынын талабы туура экендигин, бирок ошол эле маалда массалык мушташка катышкандардын арасында курал менен жүргөндөр бар экендигин баса белгилеп, алар такталып жатканын айтты.

Бул окуя боюнча Бишкектин Свердлов райондук милициясы бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун, чет өлкөлүк үч жаран Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалганы белгилүу болду. Ички иштер министрлиги тараткан видеодо көрүнүп тургандай тартип бузуп, башаламандыкка алып келген үч чет элдик жарандын кыргыз элинен кечирим сураганы жарыялады. Алардын бири “Кыргызстандын бардык элинен кечирим сурайбыз. Мындай кайра кайталанбайт деп убада беребиз. Кыргызстандын мыйзамын сактап, кечирим сурайбыз. Кылганыбыз үчүн толук жоопкерчилик алууга даярбыз”, – деп орус тилинде кайрылышкан.

Ал эми түндөгү окуядан жабыркагандар Саламаттыктык сактоо министрлигине караштуу Тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Маалыматка ылайык, азыр Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык жабыркагандардын диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен. 12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты – деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин да чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы кырсыктар, мушташтар катталгандан тышкары, миграциялык мыйзамдарды бузуп, мыйзамсыз жүргөн бир катар чет элдиктер кармалган. Алар ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилип, депорт болоору белгиленген.
Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү