РФ жана КЭР Афганистан жана чектеш аймактарга АКШ менен НАТОнун аскердик инфраструктурасын кайра жайгаштырууга каршы чыгышты

АКШ жана НАТО Афганистан жана чектеш аймактарга кайрадан аскердик инфраструктурасын жайгаштырууга аракет кылбай, алар бул өлкөдөгү азыркы кыйынчылыктар үчүн негизги жоопкерчиликти алыш керектиги тууралуу Россия жана Кытайдын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынытыгы боюнча биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. 

РФнын президенти Владимир Путин КЭРдин төрагасы  Си Цзиньпин россиялык президенттин Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык өз ара кызматташтыкты тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Билдирүүгө ылайык,  «тараптар Афганистандагы 20 жылдык оккупацияга жооптуу болгон  АКШ жана НАТО бул өлкөгө жана чектеш аймакка кайрадан аскердик инфраструктурасын  жайгаштырууга аракет кыбаш керек, бул өлкөнүн учурдагы социальдык-экономикалык кыйынчылыктарына негизги жоопкерчиликти алып, анын постконфликтик кайра калыбына келтирилишине  колдоо көрсөтөрүн тастыктап, тоңдурулган  афгандык улуттук резервдерди  камактан чыгаруу үчүн баардык зарыл чараларды көрүшү керектигине басым жасашкан».

Россия жана Кытай афган багытында эки тараптуу негизде да, көп тараптуу форматта да Афганистандын көзкарандысыз, нейтралдуу, бирдиктүү жана тынч өлкө, террорчулук жана маңзаттан эркин, баардык кошуна өлкөлөр менен тынчтыкта жана ынтымакта өнүгүүсү үчүн көмөк көрсөтүү ниетин билдиришти.

«Тараптар афган көйгөйүн саясый жөнгө салуудагы аймактык аянтчалардын жигердүү жана конструктивдүү ролун – Афганистан боюнча Москва консултациялар форматын, Афганистандын кошуна-өлкөлөр механизмин, аймактык «төрттүк» Россия-Кытай-Иран-Пакистан, ШКУ» тарабынан кабыл алынган чечимдерин колдойт», – деп белгиленген Кремлдин сайтында жарыяланган документте.

Комментарий жиберүү