Токаев Борбор Азия өлкөлөрүн бири-биринен ажыратуу аракети тууралуу айтты

Казакстандын президенти  Касым-Жомарт Токаев ушул жумада Борбор Азия өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларын кабыл алды.

Анда жолугушуу сырткы жана ички чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу боюнча аракеттерди биргелешип жүргүзүүнүн натыйжалуу аянтын түзүү максатын көздөй тургандыгы белгиленди.

«Биринчи кезекте сөз эл аралык террочулук жана экстремизм, наркотрафик, курал-жарак соодасы тууралуу  жүрүүдө. Биздин өлкөдө БУУнун БА жана Афганистан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча Аймактык борборун түзүү актуалдуу деп эсептейбиз», – деди Касым-Жомарт Токаев.

Ал аймактын өлкөлөрүн бири-бирине каршы коюуга жана бөлүүгө умтулган сырткы күчтөргө биргелешип каршы турууга чакырды.

«Биз мындай жүрүштөрдү жана аракеттерди чечкиндүү түрдө четке кага тургандыгыбызды баса белгилегим келет. Жалпысынан биздин мамлекеттерде  өз ара чече албай турган кандайдыр-бир маселелер болбош керек», – деди казак президенти.

Иш чарага ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Гизат Нурдаулетов, Кыргызстандан Марат Иманкулов, Тажикстандан Насрулло Махмудзода, Өзбекстандан Виктор Махмудов жана Түркмөнстандын Казакстандагы элчилигинин аскердик аттешеси  Аннамырат Ягмыровдор катышыты.

Комментарий жиберүү