АКШ Газада согуш башталгандан бери биринчи жолу Израилге ок-дары берүүнү токтотту

АКШ Газада согуш башталгандан бери биринчи жолу Израилге ок-дары берүүнү токтотту

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы өткөн жумада америкалык өндүрүштөн чыккан ок-дарыларды Израилге берүүнү токтоткондугун Axios басылмасына эки израилдик чиновник айткандыгына таянып Медуза билдирди. Бирок маалыматта сөз ок-дары бир эле жолу же толук токтотулгандыгы так айтылган эмес. Ошол эле учурда америкалык чиновниктер  эмне үчүн мындай чечим кабыл алышкандыгын да басылма тактаган жок. Алардын айтуусунда, ХАМАС менен Израилдин ортосунда согуш чыккан 2023-жылдын октябрынан  бери  Америка Израилге биринчи жолу ок-дары берүүнү токтотуп жатышы Израиль өкмөтүндө олуттуу тынчсызданууну жаратып,…

Прочитайте больше

Бразилияда суу ташкындан 39 адам каза болду

Бразилияда суу ташкындан 39 адам каза болду

Бразилиянын түштүк штаты Риу-Гранди-ду-Сулдагы нөшөрлөп жааган жамгырдан 39 адамдын өмүрү кыйылгандыгын  Reuters маалымдады. Штаттын жарандык коргонуу башкармалыгы дагы 70ке жакын адам белгисиз жок болуп жаткандыгын билдирди. Ал эми аз дегенде 24 миң адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Жалпысынан өлкөдөгү 497 штаттын жарымынан көбүндө нөшөрлөгөн жамгыр жаады. «Биз жакынкы күндөрү көпчүлүк регондорго барууга мүмкүнчүлүк жаралганда бул цифралар кескин өзгөрүшү мүмкүн», – деп билдирди штаттын губернатору  Эдуардо Лейте.   1 of 5 -+ Дарыялар көп Такуари өрөөнүндөгү…

Прочитайте больше

С. Жапаров 9-майда Москвадагы Жеңиш Парадына катышат

С. Жапаров 9-майда Москвадагы Жеңиш Парадына катышат

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия экономикалык биримдигинин юбилейлик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш Парадына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Жогорку Евразия экономалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын…

Прочитайте больше

Душмандык аракеттерге асимметриялык жооп: Москва Прибалтикага эскертүү берди

Душмандык аракеттерге асимметриялык жооп: Москва Прибалтикага эскертүү берди

Россия Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине асимметриялык чаралар менен жооп берет. Бул тууралуу 5-майда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Reuters агенттиги жазды. “Москва Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине экономикалык жана транзиттик чөйрөдө ассиметриялык чаралар менен жооп берет”, – деди ал. Захарова Россиянын Прибалтика өлкөлөрү менен мамилелерди толук үзүшү ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, Москва эч качан дипломатиялык мамилелерди үзүүнү демилгелебей турганын, бирок Балтика өлкөлөрүнүн кастык линиясынан улам бардык мамлекеттер аралык байланыштар үзүлгөнүн белгиледи. “Россия…

Прочитайте больше