АКШ Газада согуш башталгандан бери биринчи жолу Израилге ок-дары берүүнү токтотту

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы өткөн жумада америкалык өндүрүштөн чыккан ок-дарыларды Израилге берүүнү токтоткондугун Axios басылмасына эки израилдик чиновник айткандыгына таянып Медуза билдирди.

Бирок маалыматта сөз ок-дары бир эле жолу же толук токтотулгандыгы так айтылган эмес. Ошол эле учурда америкалык чиновниктер  эмне үчүн мындай чечим кабыл алышкандыгын да басылма тактаган жок.

Алардын айтуусунда, ХАМАС менен Израилдин ортосунда согуш чыккан 2023-жылдын октябрынан  бери  Америка Израилге биринчи жолу ок-дары берүүнү токтотуп жатышы Израиль өкмөтүндө олуттуу тынчсызданууну жаратып, учурда себептерин тактай башташты.

Axios басылмасы снаряддарды берүүнү токтотуу чечими президент Байден өз өлкөсүндө Израилге курал-жарактан жардам бергендиги үчүн сынга учурагандыктан болуп жаткандыгын белгилеген.

Мындан тышкары АКШ президентинин администрациясы Израилдин Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарында анклавдын түндүк жагынан качып келип, жан сактап жаткан палестиналык качкындар турган аймакка жөө аскерлердин операциясын баштоо планына тынчсызданууда. Ак үйдөн Израилге өлкө армиясы Рафахта операция баштаса, бул АКШнын Газадагы согушка саясаты өзгөрө тургандыгын билдирип жаткандыгын жазган басылма.

Өз кезегинде дагы бир атын атагысы келбеген израилдик чиновник Ynet маалымат булагына берген маегинде АКШ Израилге курал-жарак берүүнү улантып жаткандыгын билдирди.

«Сыягы, тигил же бул курал-жаракты берүү кечигип жатса керек, бирок агым улантылууда жана бизге аны токтотуу боюнча саясый чечим белгисиз», – деп кошумчалады ал.

Апрелдин башында Израилдин коргонуу армиясы Газа секторунун түштүк бөлүгүнөн Израилдин түштүгүнөн жээкке чейин кесилишкен Нецарим деп аталган  коридорундагы коопсуздукту камсыз кылуучу жөө аскерлер бригадасын гана калтырып, калган баардык жөө армиясын чыгарып кеткен. Маалыматта айтылгандай, ЦАХАЛ “келечекте Рафахка кирүү мүмкүнчүлүгүн ачык калтырып”, согуштун жигердүү бөлүгү аяктагандыгын жарыялаган.

Axiosтун белгилөөсүндө,  премьер-министри Биньямин Нетаньяху акыркы күндөрү Израиль жана ХАМАС израилдик барымтадагыларды бошотуусу тууралуу  жана ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга барса-барбаса да Рафахка кирүүгө буйрук бере тургандыгын бир нече ирет айткан. ,

Израиль бийлиги ХАМАС Израиль менен макулдашууга кызыкдар эмес экендигинин белгилерин көрүп тургандыгын 5-майда израилдик коргоо министри Йоав Галант жарыялаган. Анын айтуусунда, ЦАХАЛдын аскерлери Рафахка “жакынкы келечекте” операцияны баштайт.

Комментарий жиберүү