Путин бешинчи жолу Россиянын президенти кызматына киришет

Владимир Путин бүгүн бешинчи жолу Россия президенти кызматына киришет. Анын салтанаттуу ант берген инаугурациясы чак түштө Кремлде өтөт.

Президенттин инаугурациясы – мамлекет башчылык кызматка киришүүнүн салтанаттуу жөрөлгөсү. “Инаугурация” сөзү латынча “inaugure” – “арнаймын” деген сөздөн келип чыккан. Буга чейин Путин бул антты төрт ирет берген.  Эгер алгачкы ирет, 2000-жылы ал кездеги 47 жаштагы талапкерге  52,94% россиялыктар добуш берсе, 2004-жылы – 71,31%, 2012-жылы – 63,6%, 2018-жылы – 76,7%, быйылкы жылдын мартындагы шайлоодо 71 жаштагы Россия президенттигине талапкер В. Путин шайлоочулардын рекорддук санын – 87,28% добушун алган.

Россияда атайын инаугурациялык салтанат биринчи президент Борис Ельцин жогорку мамлекеттик кызматка экинчи ирет киришкен 1996-жылы иштелип чыккан. Андан бери иш чарага бир аз өзгөртүү киргизилип, бирок негизги учурлары сакталып калган.

Мамлекет башчынын пресс-катчысы Дмитрий Песков убада бергендей, бүгүнкү инаугурация салтанаты буга чейинки иштелип чыккан протокол боюнча өтөт, бирок “айрым нюанстар” менен. Бирок кандай экендигин Кремль азырынча маалымдай элек.  Салттуу сценарийге ылайык, иш чарага президент Чоң Кремль сарайындагы (ЧКС) Кремлдин биринчи корпусундагы жумушчу бөлмөсүнөн жөнөтүлөт. Ал жактан  Георгий жана Александров залдары аркылуу Андреев залындагы анфилада залына өтүп, ант берет.  Андан соң мамлекет башчы ЧКСнын Кызыл капталы аркылуу Собордук аянтка чыгып, ал жерде Башкы командачынын алдында Президенттик полк салтанаттуу марш менен өтөт.

Путин ЧКСга келген маалда баардыгы даяр болуш керек: чакырылгандар орун алышып, ал эми Ардактуу караулдун туу көтөрүүчүлөрү Россиянын Мамлекеттик туусун жана РФнын президентинин штандартын (триколор фонундагы эки баштуу бүркүттүн элеси түшүрүлгөн), андан соң – РФнын президентинин белгиси жана Конституция киргизилип, ага Путин ант берип жатып колун коёт.

7-майда Кремль экскурсия үчүн жабылып, ал жакка чакыруу менен гана кирүүгө мүмкүн болот. Кремлдеги инаугурация салтанатына күбө болуу үчүн бир нече миң коноктордун келиши күтүлүүдө:  бийликтин, РФнын өкмөтүнүн, Федерация Кеңешинин, Мамдуманын, президенттик администрациянын, губернаторлордун аткаруучу, мыйзам чыгаруучу, сот бутактары. Кремлге ошондой эле негизги конфессиялардын өкүлдөрү, Ыйык апостол Андрей Первозванныйдын өкүлдөрү, Россиянын баатырлары, “Мекенге кызмат кылган эмгеги үчүн” орденинин кавалерлери, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, коомдук уюмдардын, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, генералитет, илим, маданият, спорт ишмерлери жана журналисттер.

Атайын чакырууларда “кийим формасы – расмий ишкер стилде (эркектер – кара костюм, аялдар – көйнөк/адаттагы узун костюм) параддык аскердик формачан” болушу керектиги белгиленген. 2018-жылы инаугурация салтанаты Президенттик полктун жүрүшүн кошкондо 48 минутага жакын созулган.

Комментарий жиберүү