Бразилияда суу ташкындан 39 адам каза болду

Бразилиянын түштүк штаты Риу-Гранди-ду-Сулдагы нөшөрлөп жааган жамгырдан 39 адамдын өмүрү кыйылгандыгын  Reuters маалымдады.

Штаттын жарандык коргонуу башкармалыгы дагы 70ке жакын адам белгисиз жок болуп жаткандыгын билдирди. Ал эми аз дегенде 24 миң адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту. Жалпысынан өлкөдөгү 497 штаттын жарымынан көбүндө нөшөрлөгөн жамгыр жаады.

«Биз жакынкы күндөрү көпчүлүк регондорго барууга мүмкүнчүлүк жаралганда бул цифралар кескин өзгөрүшү мүмкүн», – деп билдирди штаттын губернатору  Эдуардо Лейте.

 

1 of 5

-+

Дарыялар көп Такуари өрөөнүндөгү бүтүндөй шаарлар толугу менен сууга чөмүлүп калды. Айрым шаарларда көчөлөр дарыяга айланып, жолдор жана көпүрөлөр бузулду. Нөшөрлөгөн жамгыр ошондой эле көчкүнү жана бир аз суу тосмолор менен гидроэлектростанциялардын бузулуусуна алып келди.

Штаттын борбору Порту-Алегриде дарыя жээктен чыгып кетип, суу баскан көчөлөр шаардын борбордук кварталдарына барууну жаап салды.

Штат тропикалык жана полярдык географиялык кесилишкен аймагында жайгашкандыктан каттуу жамгыр жана күндүн ашкере ысышынын моделине туш келди. Жергиликтүү окумуштуулар күндүн глобалдык ысышы интенсивдүү болуп жаткандыгын айтышууда.

Нөшөрлөгөн жамгыр Риу-Гранд-ду-Сулга өткөн жылы сентябрда да жааган. Анда суу ташкындан 50 адамдын өмүрү кыйылган.

Комментарий жиберүү