Душмандык аракеттерге асимметриялык жооп: Москва Прибалтикага эскертүү берди

Россия Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине асимметриялык чаралар менен жооп берет.

Бул тууралуу 5-майда Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

“Москва Прибалтика өлкөлөрүнүн душмандык аракеттерине экономикалык жана транзиттик чөйрөдө ассиметриялык чаралар менен жооп берет”, – деди ал.

Захарова Россиянын Прибалтика өлкөлөрү менен мамилелерди толук үзүшү ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып, Москва эч качан дипломатиялык мамилелерди үзүүнү демилгелебей турганын, бирок Балтика өлкөлөрүнүн кастык линиясынан улам бардык мамлекеттер аралык байланыштар үзүлгөнүн белгиледи.

“Россия эч качан башка өлкөлөр менен дипломатиялык мамилелерди үзүүнү демилгелебейт, диалог мүмкүнчүлүгүн сактап калууга аракет кылат”, – деди ал РИА Новостиге.

Анын айтымында, Вильнюс, Рига жана Таллинин ачыктан-ачык кастык линиясынан улам Россия менен бардык мамлекеттер аралык, ведомстволор аралык, аймактык жана тармактык байланыштар үзүлдү.

Россия ТИМинин расмий өкүлү Кремль Балтика өлкөлөрүнө таасир этүү үчүн дипломатиялык чараларды колдонууну улантарын кошумчалады.

Ал Прибалтика өлкөлөрүндө орус тилдүүлөрдүн көп жашагандыгына байланыштуу дипломатиялык мамилелерди үзүүнү өтө жагымсыз деп атады.

Эске салсак, РФ Тышкы иштер министрлиги март айынын ортосунда Латвия, Литва жана Эстониянын 347 жаранына Россияга кирүүгө тыюу салган.

Стоп-листке Латвиянын премьер-министри Эвика Силиня, Эстониянын премьер-министри Кая Каллас, Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис жана прибалтика өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн башка жогорку даражалуу мүчөлөрү кирген.

Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүгө тыюу салууну Латвия, Литва жана Эстониянын Россияга карата душмандык саясатына жооп деп атаган.

Тактап айтканда, министрлик Прибалтика өлкөлөрү “советтик бошотуучу-жоокерлердин эстеликтерин жапырт бузуу” жана “тарыхты кайра жазуу” боюнча варвардык кампания жүргүзүп жатат деп белгилеген.

Комментарий жиберүү