Түркия Израиль менен соодасын токтотту

Түркия Израиль менен соода байланыштарын токтотту. Бул тууралуу Bloomberg түрк аткаминерлерге шилтеме берүү менен билдирди.

Алардын айтымында, Түркия Израилге бардык экспорт жана импортту токтотту.

Түркиянын Соода министрлиги Израиль менен соода алмашуу толук токтогондугун ырастаганын РИА Новости жазды.

Буга чейин Түркиянын Соода министрлиги Израилге “Газадагы согуштук аракеттер аяктаганга чейин жана анклавга гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шарттар түзүлгөнгө чейин” 54 аталыштагы өнөр жай товарларын экспорттоого чектөө киргизген. Бирок Израиль бийлиги Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын уланткан.

“Муну эске алуу менен мамлекеттик деңгээлде иш-чаралардын экинчи этабы кабыл алынды: Израилге байланыштуу экспорттук-импорттук операциялар токтотулду, чаралар товарлардын бардык түрлөрүнө тиешелүү”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Министрлик мындай чара Израиль Газага үзгүлтүксүз жана жетиштүү гуманитардык жардам жеткирилишин камсыз кылмайынча күчүндө болоорун баса белгиледи.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Анкаранын чечими тууралуу кабарлардан кийин Түркияны учурдагы соода келишимдерин бузуп жатат деп айыптап, Израиль Түркия менен соодага альтернатива табаарын билдирди.

Эске салсак, апрель айында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара мындан ары Израиль менен интенсивдүү соода алакасын сактабай турганын билдирген.

Комментарий жиберүү