Пакистанда студенттер АКШнын консулдугунун алдына Израилге каршы митингге чыгышты

Америкадагы студенттердин Израилди айыптаган жана Газанын элине тилектештик билдирген акциясын бир катар өлкөлөрдөгү студенттер колдоп чыгышууда.

Алсак, Пакистандын түрдүү университеттеринин жүздөгөн студенттери АКШнын Лахордогу консулдугунун алдына чогулуп, Изралдин Газадагы кылмыштарын жана ага Американын колдоо көрсөтүүсүн айыпташты.

Акцияны «Прогрессивдүү студенттик коомчулук» уюштуруп, ага Палестинага адилеттикти жана эркиндикти талап кылган студенттердин, саясий жана коомдук ишмерлердин, илимий ишмерлердин, искусство ишмерлеринин жана катардагы жарандардын кеңири чөйрөсү катышты.

Катышуучулар газалыктарга тилектештигин көрсөтүү максатында Палестинанын желектерин көтөрүп, палестиндердин символу болгон чаар жоолук салынып чыгышты.

Алар сионисттик аскерлердин Газа тургундарына каршы геноцид кылышын айыпташып, бул кылмыштар АКШнын толук колдоосу менен мүмкүн болгонун белгилешти.

Акциянын катышуучуларынын бири Израилдин чабуулунан 34 миңден ашуун палестиналык, анын ичинде 5 миң студент жана 300 мугалим каза тапканын айтып, бул кол салуулар Газанын билим берүү инфраструктурасын да жок кылганын белгиледи.

“АКШнын Израилге миллиарддаган долларлык аскердик колдоо көрсөтүүнү улантып, бул кылмыштардын чексиз уланышына жол ачып жатканы адилеттиктен алыс. Бүгүн биз Колумбия университетинин жана башка америкалык университеттердин студенттери менен тилектештигибизди көрсөтүү жана Пакистан өкмөтүнөн бул геноцидди кескин айыптоосу үчүн Америка консулдугунун алдында турабыз»,-деди ал.

Митингчилер ошондой эле Пакистан өкмөтүнөн Израилге каршы Эл аралык сотко арыз менен кайрылууга чакырышып, өлкөнүн ичиндеги жана сыртындагы студенттик демонстрацияларды колдоо аркылуу сионисттик режимди жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Белгилей кетсек, Израилге каршы студенттердин демонстрациялары алгач Американын алдынкы университеттеринин кампустарында башталып, ондогон окуу жайларга жайылган.

Акциянын катышуучулары Газадагы ок атууну биротоло токтотууга жана университеттердин жетекчилигин Израиль менен бардык кызматташтыкты токтотууга чакырышууда.

Акциялар полиция менен кагылышуу жана камоолор менен коштолууда.

Күн мурун Ирандын баш калаасы Тегеранда жана Йезд шаарындагы студенттер тобу да Америкадагы студенттердин акциясын колдоп, Газадагы геноцидди токтонуу талап кылып, митинг уюштурушкан.

Комментарий жиберүү