Газадагы геноцид. Колумбия Израиль менен мамилесин үзөт

Колумбия 2-майда Израиль менен дипломатиялык мамилесин үзөт.

Бул тууралуу колумбиялык лидер Густаво Петро Боготадагы Биринчи Май манифестанциясында билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазды.

Петро Израилди “геноциддик” президент жана өкмөт башкарарын айтты.

“Эртең Израиль мамлекети менен дипломатиялык мамилелерди анын президенти жана өкмөтү геноцид кылып жаткандыгы үчүн үзөбүз. Эгер Палестина жок болсо, адамзат жок болот, биз буга жол бербейбиз”,- деди колумбиялык лидер.

Буга чейин Колумбиянын бийликтери Израилди Палестинага карата катаал аракеттери үчүн бир нече жолу сынга алып, Израилден бардык курал-жарак сатып алууну токтоткон.

Петро өзү Израилдин Газадагы аракеттерине бир нече жолу каршылыгын билдирип, аларды геноцид деп атап, Тель-Авивди согушту токтотууга чакырган.

Эске салсак, Батыш Азиядагы жаңы жаңжалдан улам өткөн жылдын октябрынын аягында Израиль менен мамилесин үзгөн биринчи өлкө Боливия болгон.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери анклавда 34 миңден ашуун адам каза болуп, 77 миңден ашууну жаракат алды.

Комментарий жиберүү