Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди. Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь – Александр Лукашенко, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан – Садыр Жапаров, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали…

Прочитайте больше

Кыргыз элин жана өлкө башчысын Жеңиш күнү менен куттуктаган өлкө лидерлери

Кыргыз элин жана өлкө башчысын Жеңиш күнү менен куттуктаган өлкө лидерлери

Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана президент Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттукташты. Мамлекет башчыларынын куттуктоолорун президенттин маалымат кызматы жарыялады. Россия Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Россиянын президенти Владимир Путинден келип, анда: “Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын – фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана…

Прочитайте больше

Израиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү

Израиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Рафах шаарында аскердик операция башталганын жана Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы чек ара бекетин көзөмөлгө алганын жарыялады. Израилдин аскерлери шаардын чыгыш тарабына кирип, чек арадагы  көзөмөл-өткөрмө бекетинен тургундардын жана гуманитардык жардамдардын өтүшү токтотулду. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди аймактагы чыр-чатактын курчушун токтотууга жана Газадагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга чакырды. Рафахтагы кырдаал 6-майда Израил армиясы Рафах шаарынын Израиль менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө,…

Прочитайте больше

TikTok тиркеменин АКШда тыюу салынышына каршы сотко берди

TikTok тиркеменин АКШда тыюу салынышына каршы сотко берди

Аталган тиркемеге тыюу салуу тууралуу мыйзам АКШда  TikTok америкалыктардын маалыматын кытай бийлиги тиркеме аркылуу чогултуу менен улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экендиги айтылгандан кийин кабыл алынган TikTok жана анын кытайлык өнөктөш компаниясы  ByteDance АКШ өкмөтүн президент Жо Байден тарабынан кол коюлган компанияга тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы сотко кайрылышты. Компаниядан билдиришкендей, жаңы мыйзам АКШнын сөз эркиндигине кепилдик берген Конституциясына Биринчи түзөтүүгө каршы келет. АКШда кабыл алынган мыйзам  кытайлык ByteDance компаниясына TikTokтун америкалык бөлүгүн сегиз айга чейинки мөөнөттө…

Прочитайте больше

Египет Израилдин Рафахтагы аскердик операциясын айыптады

Египет Израилдин Рафахтагы аскердик операциясын айыптады

Египет Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израиль армиясынын согуштук операцияларын айыптады. Бул туурасында араб тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат. «Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Палестинанын Рафах шаарындагы Израилдин согуштук операцияларын жана анын натыйжасында “Рафах” көзөмөл-өткөрмө бекетинин анклав тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын катуу айыптайт», – деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүгө караганда, Каир Израилдин аракеттерин “Газа тилкесиндеги жашоонун негизги жолу болгон» “Рафах” чек ара бекетине көз каранды болгон миллиондон ашык палестиналыктардын өмүрүнө коркунуч туудурган кооптуу эскалация…

Прочитайте больше

АКШ конгрессмени: АКШ Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү

АКШ конгрессмени: АКШ Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мусулман мүчөсү Рашида Тлаиб АКШ президенти Жо Байденди жана кесиптештерин Израилге Газадагы маанилүү “Рафах” өткөрмө бекетинекол салуусунан кийин бул режимге миллиарддаган долларлык жардам көрсөтүүнү улантып жатканы үчүн сындап, Вашингтон бул аракети менен Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү деп атады. Израиль дүйшөмбү күнү эл аралык каршылыктарга карабастан, Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарына кургактан кол салууга уруксат берди. Израиль армиясы Рафахтын калкын эвакуациялоого даярдык көрө баштаганын билдирип, шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты аймакты таштап,…

Прочитайте больше