TikTok тиркеменин АКШда тыюу салынышына каршы сотко берди

Аталган тиркемеге тыюу салуу тууралуу мыйзам АКШда  TikTok америкалыктардын маалыматын кытай бийлиги тиркеме аркылуу чогултуу менен улуттук коопсуздукка коркунуч жаратышы мүмкүн экендиги айтылгандан кийин кабыл алынган

TikTok жана анын кытайлык өнөктөш компаниясы  ByteDance АКШ өкмөтүн президент Жо Байден тарабынан кол коюлган компанияга тыюу салуу тууралуу мыйзамга каршы сотко кайрылышты.

Компаниядан билдиришкендей, жаңы мыйзам АКШнын сөз эркиндигине кепилдик берген Конституциясына Биринчи түзөтүүгө каршы келет.

АКШда кабыл алынган мыйзам  кытайлык ByteDance компаниясына TikTokтун америкалык бөлүгүн сегиз айга чейинки мөөнөттө сатуу шартын коёт же бул талап аткарылбаган учурда тиркеменин ишине тыюу салынат.

Активдерди сатуу дээрлик «мүмкүн эмес: коммерциялык да, технологиялык да, юридикалык да көз караш менен, — деп билдиришти TikTok жана ByteDance. — Бул мыйзам 2025-жылдын 19-январында TikTokту жабууга алып келип, платформаны пикир алышуу үчүн колдонгон 170 миллион америкалыктарды унчукпоого мажбурлашынан эч кандай шек жок».

Эгер компания талапты аткарбаса, анда Apple жана Google колдонуучуларга TikTok тиркемесин сунуш кыла алышпайт. Интернет-хостинг  кызматтарына да тиркемени колдоого тыюу салынат.

Мыйзам АКШ мыйзам чыгаруучулары TikTok Кытай бийлиги тиркеме аркылуу америкалыктардын маалыматын чогултушу мүмкүн болгондуктан, улуттук коопсуздукка коркунуч туудурушуна тынчсыздануусун билдиргенден кийин кабыл алынган.

Комментарий жиберүү