Израиль Рафахта операция баштады. Учурда эмнелер белгилүү

Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) Рафах шаарында аскердик операция башталганын жана Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы чек ара бекетин көзөмөлгө алганын жарыялады. Израилдин аскерлери шаардын чыгыш тарабына кирип, чек арадагы  көзөмөл-өткөрмө бекетинен тургундардын жана гуманитардык жардамдардын өтүшү токтотулду.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилди аймактагы чыр-чатактын курчушун токтотууга жана Газадагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга чакырды.

Рафахтагы кырдаал

6-майда Израил армиясы Рафах шаарынын Израиль менен чек арага жакын чыгыш тилкесиндеги тургундарын башка жакка кетүүгө, Хан-Юнистеги гуманитардык зонасы кененирээк Ал-Маваси районуна барууга чакырган.

  • Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкөнүн аскерий кабинети Рафахтагы операцияны улантуу чечимин бир добуштан кабыл алганын билдирди.
  • 7-майда The Times of Israel гезити Израилдин брондолгон танкалар бөлүгү Рафахка таң эрте киргенин жазган.
  • Израилдин армиясы шаардын чыгыш тарабындагы буталарга “так соккуларды” жасап жатканын  жана ХАМАСтын Рафах аймагындагы объектилерин, анын ичинде аскердик имараттарды жана жер астындагы инфраструктураларды талкалаганынын билдирди.
  • Al Mayadeen телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин аскерлери жана оор аскердик техникасы “Рафах” өткөрмө бекетине Палестина тараптан кирди. Анын иши толугу менен токтотулуп, Газа тилкесине жүргүнчүлөрдү жана гуманитардык жардамдарды ташыган унаалардын өтүүсү токтотулган.
  • Кийинчерээк ЦАХАЛдын маалымат кызматы израилдик аскерлер “Рафах” чек ара бекетинин анклав тарабын көзөмөлгө алганын билдирди.

Каза болгондор жана жаракат алгандар

  • Израилдин аба күчтөрү Рафах шаарындагы турак жайды бомбалоодо кеминде сегиз палестиналык набыт болгонун Sky News Arabia телеканалы X (мурдагы Twitter) баракчасынан билдирди.
  • Al Jazeera телеканалы белгилегендей, Рафахтын чыгыш тарабында жайгашкан Аль-Танур калктуу конушунда турак жайдын жарылуусунан бир нече адам каза болуп, жарадар болгону, ал эми шаардын батышында бешке жакын адам өлгөн.
  • Кийинчерээк кеминде 20га жакын жабырлануучу тууралуу маалымат түшкөн. Израиль армиясы операция башталгандан бери ХАМАСтын “20га жакын мүчөсү” жок кылынганын билдирди.

ХАМАСтын билдирүүсү

  • ХАМАС Израилдин Газа тилкесиндеги “Рафах” өткөрмө бекетин көзөмөлдөшүн ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды палестиналык туткундар менен алмаштыруу аракетин жокко чыгаруу аракети деп атады.
  • ХАМАС эл аралык коомчулукту Рафахта жана анклавындын бардык аймагында жайгашкан жүз миңдеген жер которгон адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурбоо максатында Израилге кысым көрсөтүүгө чакырды.
  • ХАМАСтын Саясий бюросунун мүчөсү Усама Хамдан ХАМАС “Рафах” өткөрүү бекетинде оккупациялык күчтөрдүн болушун кабыл албарын, бул өтмөк бир гана палестина-египеттик өтмөк бойдон каларын айтып, эгер агрессия улана берсе, ок атпоо келишими түзүлбөрүн жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ага жооп бериши табигый нерсе экенин белгиледи.

Дүйнөлүк реакция

  • БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Рафахтагы аскерий операцияга олуттуу тынчсыздануусун билдирип, Израиль өкмөтүн аймактагы жаңжалды курчутууну токтотууга жана Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө конструктивдүү катышууга чакырды.
  • БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо бюросунун маалымат катчысы Йенс Лаерке Женевадагы брифингде Израилди Рафахтагы операция маалында жай тургундарды эвакуациялоого байланыштуу эл аралык укуктун бардык нормаларын бузду деп айыптады.
  • Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Рафахтагы аскердик операциянын башталышын айыптап, бул чечим эл аралык коомчулуктун Палестина анклавында тынчтык орнотуу аракеттерин үзгүлтүккө учуратууга багытталганын билдирди.
  • Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Израилдин Рафахтагы операциясы гуманитардык апаатка айланарын билдирди.
  • Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Израилдин Рафах шаарына кол салуусуна каршы биргелешкен билдирүү жасаганын билдирди.
  • АКШ азыркы этапта Израилдин Рафахта операция жүргүзүү сунуш кылган формада колдой албайт, деп билдирди Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматынын башчысы Мэттью Миллер.
  • Франциянын Тышкы иштер министрлиги өлкө Израилдин Рафахка чабуул коюу операциясын баштоо чечимине макул эместигин билдирди жана жарандарды мажбурлап көчүрүү аскердик кылмыш экенин эске салды.
  • Рафахтан карапайым калкты эвакуациялоо кабыл алынгыс, Израиль кургактагы аскерий операциядан баш тартышы керек, деп жазды Евробиримдиктин дипломатиялык башчысы Жозеп Боррелл X баракчасына.

Комментарий жиберүү