Кыргыз элин жана өлкө башчысын Жеңиш күнү менен куттуктаган өлкө лидерлери

Бир катар өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана президент Садыр Жапаровду Жеңиш күнү менен куттукташты. Мамлекет башчыларынын куттуктоолорун президенттин маалымат кызматы жарыялады.

Россия

Биринчилерден болуп куттуктоо телеграммасы Россиянын президенти Владимир Путинден келип, анда: “Россия жана Кыргызстан элдери үчүн бул майрам көөнөрбөс мааниге ээ. Сансыз курмандыктарды жана оор кыйынчылыктарды туудурган нацисттик баскынчыларды талкалаган аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын – фронттун жоокерлери менен ооруктун эмгекчилеринин элесин ыйык сактайбыз. Алар мураска калтырган бир туугандык достук жана өз ара жардамдашуу салттары биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем”, – деп айтылат.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык сөздөрүн жана бекем ден соолук, бакубатчылык жана узак өмүр каалоолорун билдирди.

Өзбекстан

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өз куттуктоосунда Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалады.

“Боордош элдерибиздин жалпы душманга каршы биргелешкен баатырдык күрөшү, чыныгы эрдиктин жана кайраттуулуктун айкын мисалы, кандуу согуштагы жалпы даңктуу Жеңиш алтын тамгалар менен биздин өлкөлөрдүн тарыхында жазылган.
Боорукердик жана урмат көрсөтүү, адамзатты фашизм апаатынан куткарган биздин урматтуу ардагерлерибиз жана ата-бабаларыбыз үчүн жагымдуу шарттарды түзүү азыркы муундун милдети болуп кала берет”, – деп айтылат куттуктоодо.

Азербайжан

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Ильхам Алиев Садыр Жапаровго, согуштун бардык ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине, боордош Кыргызстан элине бакыт жана бакубатчылык каалады.

“9-май – биздин элдер үчүн жалпы майрам, ал фашизмге каршы, эркиндик жана көз карандысыздык үчүн күрөштө фронтовиктердин жана ооруктагы эмгекчилердин тең келбес эрдигинин жана жан аябастыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө калды. Ушул жаркыраган күнү биз баатырларыбыздын, өз мекени үчүн өмүрүн берип, коргогондордун элесин урматтап, терең сактайбыз, согуштан кийин талкаланган шаарларды жана айылдарды кайра көтөргөндөрдүн бардыгына таазим этебиз. Фронтто бир катарда туруп, согуш жылдарынын оор сыноолорун баштан кечирген элдерибиздин достугу жана кебелбес биримдиги Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоо жана андан ары өнүктүрүү үчүн ар дайым бекем негиз болооруна ишенем”.

Түркмөнстан

Түркмөнстан башчысы Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосунда: “Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктоо жолдойм!
Бул күнү биз согуш талаасында жана эмгек фронтунда жеңишке жетишкендерге таазим этебиз. Бул улуу Жеңиш күнү кийинки муундардын жаркын келечегин баары бир кишидей туруп, коргоп келген элдерибиздин баатырдык рухунун жана биримдигинин символу болуп, түбөлүккө кала берет. Согуш жылдарында көрсөтүлгөн достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да биздин эки тараптуу мамилелерибизди чыңдоо үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем”, – деп айтылат.

Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровго жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай жана түгөнгүс энергия, ал эми дос Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Беларусь

Беларустун президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

“9-май – нацизмге каршы биримдикте күрөшүп, келечек муундар үчүн жашоо жана эркиндик укугун коргогон өлкөлөрүбүздүн элдери үчүн бириктирүүчү дата. Биз бирге болгонубуз үчүн жеңишке жетиштик.

Ата Мекендин баатырларынын эрдиги, кайраттуулугу – түбөлүккө сакталат. Биз аларга эбегейсиз карыздарбыз жана алардын эрдигин эскерүүнүн өчпөс отун сактап, андай кандуу окуялардын кайталанышына жол бербешибиз керек.

Ошол каардуу жылдардын оор сыноолорунан өткөн Беларусь жана Кыргызстан элдеринин бир туугандык достугу узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыкты кеңейтүү үчүн ишенимдүү пайдубал болот деп ишенем”.

Тажикстан

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

“9-май данктуу датасы — биздин элдерибиздин теңдеши жок эрдигинин символу. Бул күнү биз курман болгондордун жаркын элесине башыбызды ийип, Улуу Жеңишти согуш талаасында бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара кармашкан ата-бабаларыбыздын эрдигин, баатырдыгын жана берилгендигин сыймыктануу жана ыраазычылык менен эскеребиз”,- деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев да куттуктоо жолдоп, Садыр Жапаровго чың ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

“Бул  тарыхый этап – биздин жалпы эс тутумубуз жана кайгыбыз, жалпы байлыгыбыз жана Улуу Жеңиш үчүн сыймыгыбыз.

9-майда биз согуш талааларында жана эмгек фронтунда Жеңишке жетишкендердин ысымдарын эстейбиз. Биз тирүүлөрдү урматтап, келечек муундар үчүн тынчтык үчүн өз өмүрлөрүн кыйган баатырлардын жаркын элесине таазим этебиз”.

Комментарий жиберүү