Египет Израилдин Рафахтагы аскердик операциясын айыптады

Египет Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарында Израиль армиясынын согуштук операцияларын айыптады. Бул туурасында араб тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

«Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Палестинанын Рафах шаарындагы Израилдин согуштук операцияларын жана анын натыйжасында “Рафах” көзөмөл-өткөрмө бекетинин анклав тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын катуу айыптайт», – деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүгө караганда, Каир Израилдин аракеттерин “Газа тилкесиндеги жашоонун негизги жолу болгон» “Рафах” чек ара бекетине көз каранды болгон миллиондон ашык палестиналыктардын өмүрүнө коркунуч туудурган кооптуу эскалация катары баалады.

Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри Каирде Франциянын Ливан иштери боюнча атайын өкүлү Жан-Ив Ле Дриан менен жолугушуусунда эл аралык коомчулук Израилдин Газанын түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарына кол салуусун токтото алган жок деп билдирди.

Тараптардын сүйлөшүүсү учурунда Египеттин тышкы иштер министри Газада жарылуучу кырдаал түзүлгөнүн эскертти.

Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах аймагынын чыгышында аскердик операцияларды баштады, ал жерде тилкенин түндүк жана борбордук бөлүгүнөн качып барган 1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалап турат. Haaretz басылмасы Израиль армиясына шилтеме жасап, Израиль Газа тилкесинин Египет менен чек арасындагы “Рафах” көзөмөл-өткөрүү пунктунун палестиналык бөлүгүн көзөмөлгө алганын кабарлаган.

Бул операция палестиналык ХАМАС кыймылынын Египет менен Катардын ок атышпоо сунушун кабыл алганын жарыялагандан бир нече сааттан кийин башталды; Израиль бул сунуш бул режимдин негизги талаптарына жооп бербейт деп ырастаган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС тарабынан сунушталган план бул режимдин талаптарынан алыс экенин айтып, ХАМАСтын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кайра куруусуна жана Газа тилкесинде башкаруусуна жол бербей турганын айткан.

Комментарий жиберүү