АКШ конгрессмени: АКШ Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мусулман мүчөсү Рашида Тлаиб АКШ президенти Жо Байденди жана кесиптештерин Израилге Газадагы маанилүү “Рафах” өткөрмө бекетинекол салуусунан кийин бул режимге миллиарддаган долларлык жардам көрсөтүүнү улантып жатканы үчүн сындап, Вашингтон бул аракети менен Израилдин Газадагы геноцидинин өнөктөшү деп атады.

Израиль дүйшөмбү күнү эл аралык каршылыктарга карабастан, Газа тилкесинин түштүгүндө жайгашкан Рафах шаарына кургактан кол салууга уруксат берди. Израиль армиясы Рафахтын калкын эвакуациялоого даярдык көрө баштаганын билдирип, шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты аймакты таштап, Хан-Юнистеги гуманитардык зонасы кененирээк Аль-Мавасиге көчүүгө чакырган.

Израилдин Коргонуу армиясы «Рафах» көзөмөл-өткөрмө бекетинин сектор тарабындагы бөлүгүн өз көзөмөлүнө алганын 7-майда билдирген.

Al Jazeera маалымдагандай, Рашида Тлаиб көптөгөн кесиптештери Рафахта боло турган адамзатка каршы кылмыштарга тынчсызданууларын билдиришкенин айтып, бирок жакында эле алар Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга  миллиарддаган курал-жарактарды жөнөтүү үчүн добуш беришкенин эске салды. 

“Жаңылышасыңар, алар бул кылмыштарга макул болуп, биздин өлкө геноцидге активдүү катышкан”, – деди ал.

Тлаиб Нетаньяху Рафахка кол салуу ниетин бир нече айдан бери ачык айтып келгенин белгилеп, ошол эле учурда анын көпчүлүк кесиптештери жана президент Байден бул кыргынды ишке ашыруу үчүн Израилге дагы көп курал жөнөтүшкөнүн айтты.

Ал Газада геноцид болуп жатканын айтып, Эл аралык Кылмыш Сотунан Нетаньяху менен израилдик жогорку даражалуу аткаминерлерин геноцид үчүн жоопкерчиликке тартуу үчүн аларды камакка алууга ордер берүүнү суранды.

Белгилей кетсек, Рашида Тлаиб Америка конгрессиндеги палестиналык жалгыз өкүл болуп саналат, ал сионисттик режимдин (Израиль) палестиналыктарга жасаган мамилесин катуу сындап келет.

Комментарий жиберүү