Москвадагы аскердик парадга кайсы өлкөлөрдүн президенттери катышат?

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына карата 9-майда Орусиянын борбору Москвада өтө турган аскердик парадга кайсы өлкөлөрдүн президенттери катышары белгилүү болду.

Парадга Кыргызстандан Садыр Жапаров, Беларустан Александр Лукашенко, Казакстандан Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандан Эмомали Рахмон, Түркмөнстандан Сердар Бердымухамедов, Кубадан Мигель Тканел Бермодес, Лаостон Тхонглун Сисулит жана Гвинеядан Бисау Умару катышат.

Бул тууралуу Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин РИА Новости жазды.

Мындан тышкары, парадга КМШ, Союздук мамлекеттердин жана ЖККУ, ЕАЭБ, Евразия өнүктүрүү банкы, Шанхай уюмунун аткаруу органдарынын жетекчилери ошондой эле дос мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана аскердик атташелери чакырылган.

Параддан кийин Путин чет элдик лидерлер менен бирге Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышат. Андан соң Кремлде президенттин атынан парадга катышкан делегация башчылары үчүн кабыл алуу уюштурулат.

Жеңиш парады 9-майда Кызыл аянтта өтөт. Коргоо министри Сергей Шойгу парадга 9 миңден ашык адам, 70тен ашык техника, ошондой эле “Русские витязи” жана “Стрижи” пилотаждык топтору катышарын билдирди.

Комментарий жиберүү