Россия Ооганстанда бир канча завод курууну пландоодо

Россия Ооганстанда бир канча завод курууну пландоодо

Россия Ооганстанда жумуш орундарын түзүп, атайын долбоорлорго инвестиция салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Ооганстандагы “Россия ишкердик борборунун” жетекчиси Рустам Хабибуллин билдирди. «Бул ошол эле заводдор, фабрикалар, айыл чарбасы, анын ичинде Кош-тепа суу каналынын курулушу чоң кызыгууну жаратат. Биздин бир катар ишканалар ушул каналдын жанынан айыл чарба багытындагы жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүүнү уюштуруп жатышат», – деди ал. Хабибуллин РИА Новости менен болгон маегинде Россия бул өлкөдөгү гуманитардык иш-чараларга да активдүү катыша баштаганын кошумчалады. 2023-жылы Мусулман патриоттук кайрымдуулук…

Прочитайте больше

Бишкекте “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт

Бишкекте “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт

19-май күнү Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” @alatoo.center ресторанынын чатырында “Палестинанын маданият күнү” кайрымдуулук акциясы өтөт. Бул тууралуу “Умма” ислам-журналы маалымдады. Бул интеллектуалдык иш-чарада Палестинанын нукура маданияты менен кенен таанышууга жана  кайрымдуулукка салым кошууга мүмкүн болот. Конокторду аталган иш-чарада эмне күтөт: Иш-чара 19-май күнү “Ала-Тоо” рестораны (Түштүк магистраль. Малдыбаева 54) ресторандын артындагы чатырда саат 14:00дө башталып кечки саат 20:00гө чейин уланат. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Прочитайте больше

Путин менен Си Цзиньпиндин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы

Путин менен Си Цзиньпиндин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы

Пекинде Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү аяктап, анын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасашты.  Алар Россия Федерациясынын башчысынын кайра шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапарынын алкагында болду. Эки өлкөнүн лидерлери тарыхта 40тан ашык жолу жолугушкан. Мамлекет башчыларынын айтымында, Россия менен Кытайдын мамилеси көптөгөн сыноолордон өттү, бирок ага карабастан өз ара түшүнүшүүнүн болуп көрбөгөндөй деңгээлине жетип, мамлекеттер аралык кызматташуу жаатында үлгү боло алды. Путин менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүлөрү: Владимир…

Прочитайте больше

Путин биринчи жолу коргоо министрин алмаштыргандыгынын себебин айтты

Путин биринчи жолу коргоо министрин алмаштыргандыгынын себебин айтты

РФнын мамлекет башчысы жаңы коргоо министрин дайындоону коргонууга кеткен чыгымдын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды.  Россиянын президенти  Владимир Путин биринчи жолу Андрей Белоусовду Сергей Шойгунун ордуна Коргоо министри кызматына дайындагандыгы боюнча түшүндүрмө берди. Президент Белоусовдун дайындалышын өлкөнүн коргонуусуна чыгымдардын көбөйүп кеткендиги менен байланыштырды. Бул тууралуу Россиянын мамлекет башчысы 15-майда аскер округдарынын командирлери менен жолугушууда айткандыгын Кремлдин пресс-кызматы билдирди. Путин азыр коргонууга кеткен чыгымдар өсүп, ИДПнын 8,7 пайызын түзөрүн белгиледи. «Бул СССРдин учурундагыдай 13 пайыз эмес, бирок өтө чоң сумма. Бул…

Прочитайте больше

Акыркы үч жылда Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылган

Акыркы үч жылда Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык кайтарылган

2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан Кыргызстандын 517 жашы жете элек жарандары жана балдары мекенине кайтарылган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынынын алкагында билдирди. “Сирия жана Ирактан келген жарандарыбызды мекенине кайтаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана Министрлер Кабинети бекиткен иш-чаралар планынын алкагында жүргүзүлүүдө,-деди Жыпариса Рысбекова. Ал Кыргызстанга кайтарылган жарандар реабилитациялык, теологиялык…

Прочитайте больше

Афганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУда добуш берүү укугунан ажырады

Афганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУда добуш берүү укугунан ажырады

Афганистан мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясында добуш буруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Afghanistan International маалымат агенттиги БУУдагы Афганистан иштери боюнча атайын өкүл Насир Ахмад Фаикке шилтеме берип билдирди. Фаиктин айтуусу боюнча, афганистандык миссия үч жылдан бери жылына 200 миң доллар өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны төлөгөн эмес. Мурда бул каражат республикалык ТИМден  түшүп турган, бирок талибдер БУУ өзүнүн өкүлүн расмий түрдө кабыл алганча  андай төлөм жүргүзгүсү келбей  тургандыгын «Sputnik Афганистан» билдирди. Мындан мурда Россия БУУнун Башкы ассамблеясына…

Прочитайте больше

Путин: Кытайдын украин кризисин жөнгө салуудагы мамилесин оң баалайбыз

Путин: Кытайдын украин кризисин жөнгө салуудагы мамилесин оң баалайбыз

Россиянын президенти Владимир Путин Пекинге боло турган сапарынын алдында Кытайдын “Синьхуа” агенттигине маек берди. Орус лидери Москва менен Пекиндин ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин өнүгүшүн, эки өлкөнүн маданий байланыштары тууралуу айтып берип, Украина кризисин чечүү боюнча Кытайдын планына баа берди. Маектин тексти Кремлдин сайтына жарыяланды. Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилелер жөнүндө Путин президенттик кызматка киришкенден кийин сапарга чыга турган биринчи өлкө Кытайды тандоосуна өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээли себеп болгонун белгиледи. Ал Россия менен Кытай 75…

Прочитайте больше

Оккупацияга 76 жыл. 15-май – Израиль түзүлгөн күн палестиндер үчүн «кырсык» күнү

Оккупацияга 76 жыл. 15-май – Израиль түзүлгөн күн палестиндер үчүн «кырсык» күнү

15-май – палестиналыктар үчүн маанилүү күн. Бул күндү алар “Накба” же “кырсык” деп аташат. 1948-жылы 14-майда Израиль эгемендүүлүгүн жарыялап, эртеси 15-майда согуш башталып, өлкөдө жашаган 800 миңге палестин өз үйүнөн айдалган. Бул күн палестиналыктар үчүн ондогон жылдар бою уланган бир катар кырсыктардын башталышы болду. «Накба» сөзү палестиналыктардын жана коомдук пикирдин эсине эки өтө жаман эскерүүнү эске салат: биринчиси, 1948-жылы Израилдин түзүлүшү, экинчиси, ошол кездеги 800 миңге жакын палестиналыктын өз мекенинен куулуп чыгарылганы. Накба күнү ошол…

Прочитайте больше

ХАМАСтын лидери Малайзиянын премьер-министри менен Газадагы акыркы кырдаалды талкуулады

ХАМАСтын лидери Малайзиянын премьер-министри менен Газадагы акыркы кырдаалды талкуулады

Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий кеңсесинин башчысы Исмаил Хания бүгүн Дохада Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим жана аны коштогон делегация өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Газадагы акыркы абал, ок атууну жана Палестина калкынын геноцидинин токтотуу чүн көрүлгөн аракеттер, ортомчулардын ок атууну токтотуу сунушуна ХАМАСтын макулдугу, Израилдин Рафахка чабуулу жана башка бир катар маселелер тууралуу сүйлөшүштү. Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим өз өлкөсүнүн Палестина элине колдоосун баса белгилеп, Малайзиянын ХАМАС менен мамилеси ондогон жылдардан бери туруктуу болуп келгенин жана Малайзия бул кыймылды Палестинанын…

Прочитайте больше

Путин Коопсуздук кеңешинде постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер менен мамилени талкуулады

Путин Коопсуздук кеңешинде постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер менен мамилени талкуулады

Ал бул теманы тышкы чөйрөдөгү  эң артыкчылыктуу багыт деп атады.  РФнын президенти  Владимир Путин Россиянын жакынкы кошуналар менен мамилесин тышкы чөйрөдөгү артыкчылыктуу тема деп атады. Бул тууралуу ал Коопсуздук кеңешинин кеңешүүчү органынын туруктуу мүчөлөрү менен  кадрдык кайра түзүүлөрдөн кийинки жыйынында айткандыгы тууралуу Кремлдин сайтында маалымат берилген. «Азыр биз биз үчүн дайыма тышкы чөйрөдө артыкчылыктуу болуп саналган темада сүйлөшөбүз – бул биздин жакынкы кошуналарыбыз, постсоветтик мейкиндикте калыптанган эгемендүү мамлекеттер менен мамилени түзүү», – деп белгиледи Путин ачылыш сөзүндө….

Прочитайте больше

Рекорддук чек. Дүйнөдө ички жер которгондордун саны 76 миллионго жетти

Рекорддук чек. Дүйнөдө ички жер которгондордун саны 76 миллионго жетти

Кагылышуулардан жана табигый кырсыктардан улам дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 2023-жылы 75,9 миллионго жеткен. Бул туурасында Ички жер которууну көзөмөлдөө борборунун (IDMC) сайтында жарыяланган докладда айтылат. «Судандагы, Палестинадагы жана башка өлкөлөрдөгү чыр-чатактар ​​жана зордук-зомбулуктар 2023-жылдын акырына карата дүйнө жүзү боюнча ички жер которгон адамдардын саны 75,9 миллионго жеткирди, бул жаңы рекорд. Алардын 68,3 миллиону кагылышуулардын жана зордук-зомбулуктун натыйжасында үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, 7,7 миллион адам табигый кырсыктардын натыйжасында жер котогон», –…

Прочитайте больше

Иран ТИМи: АКШнын Ооганстанга кийлигишүүсү ал жердеги кырдаалды начарлатат

Иран ТИМи: АКШнын Ооганстанга кийлигишүүсү ал жердеги кырдаалды начарлатат

АКШнын Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүсүн улантуусу өлкөдөгү кырдаалды дагы татаалдаштырат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен Тегеранда өткөн жолугушуусунда билдирди. «АКШнын Ооганстандын ички иштерине максаттуу кийлигишүүсүн улантуусу өлкөдөгү кырдаалды татаалдаштырат», – деди Абдоллахиан. Министр АКШнын Ооганстанда болгон жылдары ал жерде ойногон деструктивдүү ролун белгиледи. Дипломат ошондой эле миллиондогон ооган жарандарынын Иранда кабыл алынышына токтолуп, БУУну ооган качкындарын…

Прочитайте больше

Иранда чыгаан акын Фирдоуси эскерилүүдө

Иранда чыгаан акын Фирдоуси эскерилүүдө

Жыл сайын 15-майда Иранда перс адабиятынын жана поэзиясынын жана да Иран элинин мартабасын көтөргөн даанышмадардын бири, улуу акын Абулкасым Фирдоусинин эскерүү жана аны менен карат фарси тилинин күнү белгиленип келет. Фирдоуси 920-940 жылдар аралыгында Тус шаарына жакын Хорасанда, дыйкандын үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келип, 1020-жылы көзү өткөн. Абулкасым Фирдоуси иран элинин эң улуу эпостук чыгармасы деп эсептелген “Шахнаме” башкача айтканда “Шахтар китеби” поэтикалык эпосун 35 жыл жазган. Фирдоуси өзүнүн шедеври менен перс маданиятын жана адабиятын сактап…

Прочитайте больше

Израилдин операциясынан улам бир жумада Рафахтан 360 миңдей киши чыгып кетти

Израилдин операциясынан улам бир жумада Рафахтан 360 миңдей киши чыгып кетти

Израиль армиясынын аскердик операциясынын башталышынан улам бир жумада Газа тилкесинин түштүгүндөгү Рафах шаарынан 360 миңге жакын палестиналык чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттигинин (UNRWA, БАПОР) билдирди. “Бир жума мурун эвакуациялоо боюнча биринчи чакырык жасалгандан кийин 360 миңге жакын адам Рафахты таштап чыгып кетишти”,-деп айтылат маалыматта. Газа тилкесинин түндүк аймактарынын жашоочулары да аткылоодон качуу үчүн үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз экени белгиленген. “Тилкедеги палестиналыктардын бара…

Прочитайте больше

Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти

Ооганстандын Баглан провинциясында селден каза болгондордун саны 315ке жетти

Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында катуу жамгырдан кийинки селден 315 кишинин өмүрү кыйылып, 1600дөн ашуун адам жараат алганын “Талибан” өкмөтүнүн Качкындар иштери боюнча министрлиги 12-май күнү билдирди. Ооганстандын түндүгүндөгү жана түндүк-чыгышындагы бир нече провинцияда катуу жамгырдан кийин сел жүргөн. Баглан провинциясы суу-ташкындан эң көп жабыркаган аймак деп эсептелди. Анткени, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан. Кырсыктын кесепетинен  провинциянын суу каптаган аймактарына жардам убагында жетпей, жардам көрсөтүү үчүн бараткан  унааларды баткактан чыгаруу үчүн армия оор техника колдонууга аргасыз…

Прочитайте больше
1 2 3