Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи палестиналыктарды колдоп чыккан америкалык университеттердин студенттерине кайрылуу-кат жазып, анда алардын Палестина элин коргоодогу позициясын жогору баалады.
“Мен бул катты Газадагы эзилген аялдар менен балдарды коргоого абийири ойгонгон жаштарга жазып жатам. Силер Каршылык көрсөтүү фронтунун бир бутагын түзүп, узурпатор жана ырайымсыз сионисттик режимди (Израиль режимин – ред.) ачык колдогон бийлигиңердин тынымсыз кысымы алдында ардактуу күрөштү баштадыңар”, – деп айтылат Ирандын жогорку лидеринин кайрылуусунда.
Ал алыскы жердеги Каршылык көрсөтүүнүн улуу фронтунун максаты – көп жылдардан бери Палестина элине кордук көрсөтүп келген «сионисттер» деп аталган террордук жана ырайымсыз бир тармактын зордук-зомбулугун токтотуу деди.
Анын айтымында, сионисттик режими тарабынан бүгүнкү күндө палестиналыктарга каршы жасаып жаткан геноцид – өткөн ондогон жылдардагы зомбулук аракеттеринин уландысы болуп саналат.
“Палестина – ислам, христиан жана иудаизмди тутунган элдерди камтыган, эбегейсиз тарыхы бар көз карандысыз жер”, – деди Ирандын жогорку лидери.
Хаменеи Дүйнөлүк согуштан кийин сионисттик тармактын капиталисттери британиялык өкмөттүн колдоосу менен Палестинанын жерлерине бир нече миң террористтерди акырындык менен ташып келишкенин, алар палестиналыктардын шаарларына, айылдарына кол салышып, он миңдеген адамдарды кырып же коңшу өлкөлөргө кууп чыгып, үй-жайын, базарларын, талааларын тартып алып, Палестинанын басып алган аймагында Израиль деген өкмөттү түзүшкөнүн белгиледи.
Ал англичандардын биринчи жардамынан кийин бул узурпациялоочу режимдин эң чоң колдоочусу – Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү экенин, алар бул режимге саясий, экономикалык жана курал жагынан колдоосун улантып, ал тургай ага өзөктүк курал чыгарууга жол ачып, бул жаатта ага жардам берип жатканын кошумчалады.
“Сионисттик режим биринчи күндөн баштап Палестинанын коргоосуз калкына каршы “темир муштум” саясатын колдонуп, бардык абийир, адамдык жана диний баалуулуктарды этибарга албай, зулумдукту, террорду жана репрессияны күндөн-күнгө күчөтүп жатат. Ал эми АКШ өкмөтү жана анын союздаштары бул террорчулукка жана тынымсыз зордук-зомбулукка кабагын да түйүп койгон жок жана бүгүнкү күндө да АКШ өкмөтүнүн Газадагы коркунучтуу кылмышка байланыштуу кээ бир билдирүүлөрү реалдуулуктан алда канча эки жүздүү”, – деген иран рахбары.
Анын айтымында, Каршылык көрсөтүү фронту ушундай караңгы жана көңүлдү чөктүрүүчү жагдайдын натыйжасында түзүлүп, Иранда Ислам Республикасынын өкмөтүнүн түзүлүшү аны кеңейтип, күч-кубат берди.
Ал белгилегендей, сионисттердин толук көзөмөлүндө туруп, каржыланган батыштык маалымат каражаттарынын көбү эр жүрөк каршылык көрсөтүү фронтунун адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жана өз жерин коргоого жасаган бардык аракеттерин каралап, аны терроризм деп атап жатышат.
Сионисттик баскынчылардын кылмыштарына каршы өз жеринде өзүн коргогон эл террорчубу? Бул элге адамдык жардам көрсөтүү жана алардын күчүн арттыруу терроризмди колдоо болуп саналабы? Бул маалымат каражаттары Израилдин террорчу жана ырайымсыз режимин өзүн-өзү коргогон режим катары көрсөтүп, эркиндикти, коопсуздукту жана өз тагдырын өзү аныктоо укугун коргогон Палестинанын каршылык кыймылын террорчулар деп атап жатышат.
“Учурда кырдаал өзгөрүп жаткандыгына ишендиргим келет. Батыш Азиянын сезимтал чөлкөмүн башка тагдыр күтүп турат. Дүйнө жүзүндө көптөрдүн абийири ойгонуп, чындык айкын болуп баратат. Каршылык көрсөтүү фронту өз кезегинде күч алды жана мындан да күчтөнө берет. Тарых да жасалып жатат”, – деп баса белгиледи Хаменеи.
Ал мындан тышкары, Палестинага тилектештик билдирүү үчүн АКШнын ондогон университеттеринин студенттери жана окутуучуларынан тышкары, башка мамлекеттердеги студенттер жана элдер да көтөрүлүшкөнүн белгилеп, алардын жардамы жана колдоосу маанилүү жана таасирдүү окуя болуп саналарнын билдирди.
“Мен дагы силер жаштар менен тилектешмин жана силердин туруктуулугуңарды баалайм”, – деди аятолла.
Белгилей кетсек, апрель айында АКШдагы ондогон ири университеттеринин студенттери Палестинаны колдоо жана Израилге каршы массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү өнөктүгүн башташщкан. Студенттер окуу жайлардын аймагына чатырлар лагерлерин куруп, митингдерди өткөрүшүүдө. Алар Газадагы согушта каза болгондордун саны өсүп жаткандыгына байланыштуу университеттердин жетекчилигинен Израиль менен бардык кызматташтыкты токтотууну, Израиль менен каржылык байланышы бар ишканалар менен байланышты үзүүнү талап кылышууда. Митингдер камоолор менен коштолууда. Антиизраилдик манифестанциялар андан ары Европанын өлкөлөрүнө чейин жетип, азыркы тапка чейин тынчый элек.
Израилдин Газа тилкесиндеги согушу 7-октябрдан бери уланууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматтарына караганда, согуш учурунда 36 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 81 миңге жакыны жарадар болду.