Иран президенттин тик учагы диверсиядан улам кулаган деген божомол жокко чыгарылды

Ирандын президенти Ибрахим Раисинин тик учагы диверсиянын натыйжасында жардыруудан улам кыйраган деген версия жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Жогорку комиссиясынын кырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча экинчи отчетунда айтылат.

“Тик учактын сыныктарын жана бөлүктөрүн изилдөөнүн натыйжалары боюнча, алардын ортосундагы аралыкка жана алардын чачырап кеткенине караганда, учуу учурунда же учактын дөңсөө менен кагылышына бир нече секунд калганда диверсиянын натыйжасында жарылуу болгон деген версия жокко чыгарылат”, – деп айтылат отчетто.

Тиешелүү эксперттердин корутундусуна ылайык, кыйраган тик учакта радиоэлектрондук күрөш аракеттеринин издери  табылган жок.

Аскердик ведомствонун маалыматына караганда, учуу тобунун учкучтарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү изилдеп чыккандан кийин бортто өзгөчө кырдаал жаралгандыгы боюнча эч кандай далилдер табылган жок. Тик учактын экипажы акыркы жолу кырсыкка 69 секунд калганда байланышка чыккан.

Мындан тышкары, тик учакты тейлөөгө байланыштуу документтер, протоколдор жана башка жазуулар дыкат изилденген, бирок көйгөйлөр аныкталган жок. Ошондой эле биринчи багыт боюнча учуу учурунда аба ырайы жагымдуу болгондугу аныкталды.

“Бирок кайтып келе жаткан жолдогу аба ырайы башка эки тик учактын учкучтарынан жана жүргүнчүлөрүнүн акыркы билдирүүлөрүн алуу менен андан ары изилдөөнү талап кылат, алар кийинчерээк жарыяланат”, – деп кошумчалады Башкы штаб.

«Кырсыктын негизги себептери аныкталганга чейин маалыматты талдоо улантылат», — деп айтылат маалыматта.

23-майда Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кырсыкты иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча биринчи отчетун жарыялаган. Анын корутундусуна ылайык, Иран президентинин кыйраган тик учагында  ок тийүүнүн эч кандай белги жок. Белгиленгендей, учак тоонун бети менен кагылышкандан кийин күйүп кеткен. Тик учак кырсыкка бир жарым мүнөт калганда пландаштырылган маршрут боюнча бара жаткан.

Башкы штаб учак кырсыгынын себептери боюнча шашылыш тыянак чыгарбоону эскертти.

Эске салсак, Иран президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка расмий адамдарды ташыган тик учак 19-майда өлкөнүн түндүк-батышында, Верзеган аймагына кулап түшкөн. Эртеси 20-май күнү эртең менен Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури президент жана анын делегациясынын каза болгондугу тууралуу маалыматты тастыктаган. Саясатчылар Азербайджандан кайтып келе жатышкан, ал жерде Раиси жана анын кесиптеши Илхам Алиев “Гыз Галасы” гидро түйүнүнүн ачылыш аземине катышкан.

Тик учакта Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон.

Жаңы президенттик шайлоо Иран Конституциясынын 131-беренесине ылайык, президент каза болуп калса  анын милдеттери биринчи вице-президентке өткөндөн кийин 50 күндүн ичинде өтүшү керек. Бул кызматты учурда Мохаммад Мохбер ээлейт.

Комментарий жиберүү