КЭДР Түштүк Кореяга таштанды жана көң менен 150дөн ашык шар учурду

Түндүк Корея чек ара аркылуу Түштүк Кореянын аймагына 150дөн ашык аба шарларын учурду. Ал эми шарлар менен кошо ар кандай таштандылар – пластикалык бөтөлкөлөр, батарейкалар, бут кийимдин деталдары жана ал тургай көң болгон. Бул тууралуу түштүк кореялык  «Yonhap» агенттиги өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Штаб начальниктеринин биргелешкен комитетине шилтеме берип билдирди. 

Аскерлердин маалыматына ылайык, шарларды кечээ, 28-майда кечинде учура башташкан. Чек арадан өткөндөн кийин шарлар өлкөнүн Түштүк Кёнсан түштүк-чыгыш провинциясына чейин жетип, өлкөнүн ар кайсы жайларына түшкөн. JCSтин өкүлү тактагандай, шарларды деталдуу анализ жүргүзүү үчүн чогултушкан.

«Түндүк Кореянын бул аракети эл аралык укукту ачык бузат жана биздин элибиздин коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат. Биз КЭДРди тез арада өзүнүн вульгардык аракетин токтотууга чакырабыз», – деп кошумчалашты штабдан.

JCS полиция  жана өкмөт менен биргеликте мындай учурлардын алдын алуу үчүн чара көрүүнү иштеп чыгууну убада кылды.

Түндүк Кореянын бийлиги өткөн жумада Түштүк Кореядан баракчалар жөнөтүлгөндүгүнө жооп катары «макулатура жана кирлерди ыргытуу» планы тууралуу эскерткен.

2023-жылы КЭДР Түштүк Кореядан аба шарлары аркылуу ыргытылган «барактар жана башка предметтер» коронавирус менен булганып, аны өз өлкөсүндө жайылтууга аракет кылынгандыгын билдирген.

Барактарды таратуу менен «Эркин Түндүк Корея үчүн күрөшүүчүлөр» кыймылы алектенген. Түштүк Кореянын Биримдик министрлиги активисттерди мындай ишти жасабоого чакырган.

Комментарий жиберүү