Кыргызстан мүчө болгон уюмдар дайыма кысымга алынып турат – серепчи

Дүйнөдөгү саясий кырдаал барган сайын татаалдашып бараткан убакта Кыргызстан мүчө болгон бирикмелер тынымсыз кысымга кабылып жатат. Бул тууралуу Стратегиялык талдоо жана болжолдоо институтунун директору Аман Салиев “Sputnik Кыргызстан” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөр коопсуздук маселелери боюнча биргелешкен консультацияларды өткөрүп жатышат. Серепчилер дүйнөдөгү терроризм технологияларындагы өзгөрүүлөрдү белгилеп, Ооганстандагы кырдаалга жана бирикмеге кирген өлкөлөрдөгү экстремисттердин диверсиялык аракеттерине тынчсыздануусун билдиришүүдө.Аудиоплеер

«Учура биз түздөн-түз согуш жарыялоо чакырыгын же агрессивдүү аракеттерди көрбөй жатабыз, бирок ички чыр-чатактарды козутуу жана террордук чабуулдар болуп жатат. Булар өз кезегинде тигил же бул мамлекеттик режимди же саясий багытты өзгөртүүгө түртүшү мүмкүн. Мындай чакырыктар көп, ошондуктан, мамлекеттердин тышкы да, ички да ушундай чакырыктарга тез жооп бере алчу иммундук системасын тарбиялоо керек”, – дейт Салиев.

Ал азыр туруксуздуктун эң чоң чекити Жакынкы Чыгыштагы кырдаал экенин белгиледи.

«Палестинадагы согуштук аракеттер кандай аяктайт? Иран президентинин өлүмү эмнеге алып келет? Бул суроолор ачык бойдон калууда. Ушул конфликттер коңшу мамлекеттердин катышуусунда чоң жаңжалга айланып кетүү коркунучу бар. Басым Кавказга да жайылышы мүмкүн. Анткени муну Иранга кол салуу үчүн ыктымал аянтча катары эсептелген Грузияны реформалоо аракетинен көрүүгө болот. Ооганстанды кандай келечек күтүп жатканы суроо бойдон калууда, анткени радикализмдин формалары өзгөрүп жатат, азыр алар беш-он жыл баштагыга караганда бир кыйла өзгөрдү», – деди серепчи.

Комментарий жиберүү