Ушул жумада Индиянын борбору Делиде температуранын жаңы рекорду катталды.
Өлкөнүн түндүгүндө, Делинин кээ бир райондорунда бул сезон үчүн рекорддук жогорку температура катталып жатат, термометр Цельсия боюнча 50 градуска жакындады, деп билдирет NDTV каналы.
Аталган телеканалдын маалыматына караганда, Дели метеорологиялык кызматы шаарда 52,3 градус Цельсия боюнча бүткүл Индиянын рекорддук жогорку температурасын каттады, бул шейшембидегиден эки градустан жогору.
Бир күн мурун Делидеги абанын температурасы үч метеостанцияда катталган.
Шаарда аномалдуу ысыктан улам жакынкы эки күндө аба ырайынын эң жогорку коркунучу жарыяланды.
Адистердин айтымында, Индиянын түндүк-батышындагы Ражастан штатынан келген ысык толкундар Делинин өтө ысык болушуна негизги себепкер болуп жатат.
Индияда буга чейин эң жогорку температура 2016-жылдын май айында Ражастандагы Фалодиде термометр Цельсиясы боюнча 51 градуска жеткенде катталган.
Жергиликтүү бийлик Делинин айрым аймактарында суу менен камсыз кылууда кыйынчылыктар жаралып жатканын, айрым жерлерде суу таптакыр жок экенин белгилешет. Адатта күнүнө эки жолу суу алган аймактар эми аны күнүнө бир жолудан алышат, анткени суу аз же такыр жок аймактарга багытталат.