Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кяниге муркум президент Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиандын жана башка делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болушуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кяни тик учак кырсыгында каза тапкан Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын ордуна милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
«Президент Ибрахим Раиси мырзанын жана Тышкы иштер министри доктор Хосейн Амир Абдоллахиандын жана башка расмий адамдардын кайгылуу кырдаалда каза болгондугуна байланыштуу алардын үй-бүлөлөрнө көңүл айтабыз”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ал маркум Амир Абдуллахиан менен ал тургай, оор мезгилде да тынымсыз байланышта болгонун белгилеген.
Боррель буга чейин дагы Иран президентинин авиакырсыктан каза болгонуна байланыштуу расмий билдирүү таратып, Евробиримдиктин атынан Иран элине жана маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айткан.
Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиан жана башка жогорку кызматтагы адамдар 19-майда Азербайжан менен чек арадан кайтып келатканда тик учак кырсыгында каза болушкан. Алардын сөөктөрү эртеси күнү табылган. Тик учакта Раиси жана Абдоллахияндын тышкары, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши болгон. Тик учактын кыйроосунан эч ким аман калган эмес.
Ибрахим Раисинин сөөгү 23-майда өзү туулуп-өскөн Мешхед шаарындагы Реза имамынын мавзолейинде, Тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахияндын сөөгү Тегерандын түндүк тарабындагы Рей шаарындагы Абдоль Азим мавзолейине жерге берилген.