Оор жоготуу! Дүйнө Иранга көңүл айтууда

Дүйнө өлкөлөрү Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана анын сапарлаштарынын, анын ичинде Тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахияндын тик учак кырсыгында каза табышына байланыштуу иран элине көңүл айтып жатышат.

Иран президенти бараткан тик учак 19-майда катаал аба ырайынын кесепетинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Верзеган аймагына кулап, учактын калдыктары бүгүн 20-май эртең менен табылган.

Тик учакта Ибрахим Раисиден тышкары, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Тебриз шаарынын башкы мечитинин имамы, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана дагы беш киши (жансакчылар жана экипаждын мүчөлөрү) болгон. Кырсыктан аман калгандар жок.

Өлкө үчүн чоң жоготууга байланыштуу Иранда беш күн аза күтүү жарыяланды.

Путин: Раиси бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган көрүнүктүү саясатчы болгон

Россия президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрахим Раисинин каза болгондугуна байланыштуу өлкөнүн Жогорку лидери Али Хаменеиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Президент Сейед Ибрахим Раисинин, ошондой эле бир катар башка мамлекеттик ишмерлердин өмүрүн алган авиакырсыкка, Иран Ислам Республикасынын элинин башына түшкөн эбегейсиз трагедияга байланыштуу терең көңүл айтуубузду кабыл алыңыз.

Путин Раиси бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылууга арнаган көрүнүктүү саясатчы болгонун, Россиянын чыныгы досу катары өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө баа жеткис жеке салымын кошуп, аны стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине жеткирүүгө чоң күч-аракетин жумшаганын белгиледи. 

Ал президенттин жана бул кырсыкта курман болгон анын сапарлаштарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайрат кылууну суранды. 

Россиянын Тегерандагы элчилиги Иран эли менен тилектештиктин белгиси катары желегин түшүрдү.

Си Цзиньпин: Кытай эли жакшы досунан ажырады 

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин да Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбериге көнүл айтуу телеграммасын жөнөтүп, Раисинин тик учактын кыйрашынан каза болгондугуна байланыштуу Кытайдын өкмөтүнүн жана элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтканын Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэньбинь брифингде билдирди.

Си Цзиньпин Раисинин трагедиялуу өлүмү иран эли үчүн чоң жоготуу болгонун, ошондой эле кытай эли жакшы досунан ажыраганын белгиледи.

Казакстан

Көңүл айтуу телеграммасы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден да келди.

“Мамлекет башчысы Казакстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеиге, биринчи вице-президент Мохаммад Мохберге жана бүткүл Иран элине Чыгыш Азербайжан провинциясында тик учактын кыйрашынан улам президенти Ибрахим Раиси жана өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү каза болушуна байланыштуу көңүл айтты», – деп билдирди Токаевдин басма сөз кызматы.

Казак лидери Раиси өмүр бою Иран мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылган, өз элинин бакубаттуулугун жогорулатуу жана аймактагы стабилдүүлүктү сактоо үчүн жан аябастан иштеген көрүнүктүү мамлекеттик ишмер болгонун белгилеп, Казакстанда Ибрахим Раиси жоопкерчиликтүү лидер, эл аралык деңгээлдеги абройлуу саясатчы, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө зор салым кошкон инсан катары ар дайым эсте каларын кошумчалды.

Өзбекстан

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеиге жөнөткөн көңүл айтуу телеграммасында Ирандын дос элине, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоосун билдирди.

“Өзбекстан менен Ирандын ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты, өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошкон Ибрахим Раисинин жаркын элеси биздин элдерибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат”, – деп жазылган телеграммада.

Тажикстан

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ирандын лидери Ибрагим Раисинин кайгылуу өлүмүнө байланыштуу Иран Ислам Республикасынын президентинин биринчи орун басары Мохаммад Мохберге жана өлкөнүн жогорку лидери аятолла Сейед Али Хаменеиге көңүл айтуу телеграммасын жолдонгон.

“Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси жана аны коштоп жүргөндөрдүн тик учактын кыйроосунда каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабар бүткүл Тажикстандын эли терең кайгыруу менен кабыл алды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Түркмөнстан

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик Маслахатиянын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Иран жетекчилигине жана элине көңүл айтышып,  тилектештик жана колдоо билдиришти.

Азербайжан

Азербайжандын президенети Ильхам Алиев Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге, ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, Иран эли өз өлкөсүнө өмүр бою берилгендик менен кызмат кылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмерден айрылганын белгиледи.

Раиси 19-майда эртең менен Азербайжан менен чектеш тилкеге барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу Гыз-Каласы плотинасынын ачылышынан кайтып, Тебризге бара жатканда кырсыктаган.

Түркия

Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара бул кыйын учурда Тегеранды колдоорун билдирди.

«Бийликте турган мезгилде анын Иран элине жана биздин аймакка тынчтык орнотуу аракетине жеке күбө болгон кесиптешим катары президент Раисини урматтоо жана ыраазычылык менен эскерем», – деп айтылат кайрылууда.

Сирия 

Президент Башар Асад Иран президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан жана алардын жолдошторунун каза болгондугуна байланыштуу өзүнүн жана Сирия араб элинин атынан Иран Ислам революциясынын лидери, Аятолла Али Хаменеиге, ошондой эле дос Иран өкмөтүнө жана элине көңүл айтты.

Европа Биримдиги 

Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Евробиримдик Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиандын, ошондой эле алардын делегациясы менен экипажынын мүчөлөрүнүн тик учак кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтат деп билдирди.

Мындан тышкары, БАЭ президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайян өлкөсү “бул оор мезгилде” Иран менен тилектеш экенин айтып, Ирандын өкмөтүнө жана элине көңүл айтты. Коңшу Пакистан аза күтүү күнүн жарыялап, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди анын өлкөсү “бул кайгылуу мезгилде Иран менен бирге экенин” билдирди. Тегеранга ошондой эле Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз жана мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман да көңүл айтты.

Көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөндөрдүн арасында Египет жана Иорданиянын лидерлери, Йемендин “Ансаруллах” лидери Аль-Хуси жана Ирактык шииттердин даражалуу диниятчысы Аятолла Али Систани да бар.

Венада МАГАТЭнин эл аралык өзөктүк коопсуздук конференциясы Раисинин жана Абдоллахияндын тик учак кырсыгында каза табышына байланыштуу бир мүнөт унчукпай туруу менен баштады.

Комментарий жиберүү