Кытай АКШны Тайванды куралдандырууну токтотууга чакырды

Пекин АКШны Тайванды куралдандырууну жана Кытайдын ички саясатына кийлигишүүсүн токтотууга чакырат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Түндүк Америка жана Океания департаментинин өкүлү АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Кытайга сапарынын алдындагы брифингде билдирди.

“(АКШны – ред.) Тайванды куралдандырууну токтотууга, Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга жана Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүн колдоону баштоого чакырабыз”, – деген дипломаттын сөзүн Кытайдын борбордук телекөрсөтүүсү келтирди.

Ал ошондой эле Тайвань маселеси Кытай-АКШ мамилелериндеги негизги кызыл сызык экенин, аны басып өтүүгө болбой турганын белгиледи.

“Тайвандын көз карандысыздыгы суу менен от сыяктуу, Тайвань кысыгындагы тынчтыкка туура келбейт.  Тайвандын көз карандысыздыгын жактаган күчтөрдүн сепаратисттик аракеттери Тайвань кысыгынын тынчтыгына жана стабилдүүлүгүнө эң чоң коркунуч келтирет жана ага сырттан колдоо көрсөтүлүшүнө эч качан чыдабайбыз” – деп баса белгиледи дипломат.

Ал АКШны “бир Кытай” принцибин жана үч биргелешкен кытай-америкалык коммюникелердин жоболорун сактоого чакырды.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Блинкен 24-26-апрелде Кытайга барарын билдирген.

Эске салсак, январь айында Кытай Тайванга курал-жарак жеткиргендиги үчүн АКШнын Аскердик-өнөр жай комплексинин беш компаниясына санкция киргизген. Санкцияга BAE Systems Land and Armament, Alliant Techsystems Operation, AeroVironment, ViaSat жана Data Link Solutions компаниялары туш болгон.

Комментарий жиберүү