Али Хаменеинин зыйнатына Борбор Азия өлкөлөрүнөн кимдер барды?

Жогорку даражалуу чет өлкөлүк расмий адамдар Ирандын жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу үчүн Тегеранга чогулууда.

Иран ЖМКларынын маалыматы боюнча Тегерандагы коштошуу аземине 100гө жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Алардын арасында өлкө башчылары, өкмөт башчылары, парламент төрагалары, тышкы иштер министрлери, саясатчылар, атайын өкүлдөр жана коомдук ишмерлер бар.

Зыйнатка Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев,  Тажкистандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нуриддин Исмоилов баштаган делегация, Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Казакстандан Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев катышууда.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Тегерандагы “Мосалла” комплексинде Хаменеи менен коштошуп, анын жаркын элесине таазим кылышты.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=315&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F1439772081529216%2F&show_text=false&width=760&t=0

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=315&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F2257275568416995%2F&show_text=false&width=760&t=0
https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=315&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Freel%2F27713249921695042%2F&show_text=false&width=760&t=0
Бүгүн, 3-июль Тегерандагы “Мосалла” комплексинде маркум аятолла Али Хаменеи менен расмий коштошуу аземи өтүп жатат.

Тегерандагы иш-чаралар 6-июлга чейин созулат. 7-июлда маркумдун сөөгү Кум шаарына жеткирилет. 8-июлда Ирактын Кербала жана Наджаф шаарларында коштошуу зыйнаты өтөт.
Ал эми 9-июлда анын сөөгү кайрадан Иранга алынып келип, туулуп-өскөн Мешхед шаарында жерге берилет.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы баштаган аскердик аракеттеринде шейит болгон.