Ирандын тышкы иштер министри менен БУУнун башкы катчысы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Аббас Арагчи Газада уланып жаткан геноцид жана израилдик режимдин Ливандагы агрессиясы гуманитардык абалды өтө оорлотконун белгиледи.

Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысын Израилдин аракеттерин токтотуу жана Ливан менен Газанын тургундарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн БУУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.

Аймакта тынчтык менен туруктуулукту сактоо Ирандын негизги позициясы экенин дагы бир жолу белгилеген Арагчи Ислам Республикасы аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын жана израилдик режим тарабынан кандай гана болбосун чагымчыл аракетке чечкиндүү жооп берүүгө толук даяр экенин билдирди.

Ирандын тышкы иштер министри ошондой эле аймактагы туруксуздуктун күчөшүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчилик ушул режимге жана анын башкы колдоочусу болгон Америка Кошмо Штаттарына жүктөлөрүн белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Газа сектору менен Ливандагы уланып жаткан аскердик аракеттеринен улам аймактагы чыңалуунун күчөшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал согушту токтотуу үчүн саясий чечим табуунун маанилүүлүгүн, ошондой эле Газада жана Ливандагы согуштан жапа чеккендерге жана жер которууга аргасыз болгон адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.