Газада палестиндердин массалык түрдө көмүлгөн жайы табылды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Газа тилкесинде израилдик аскерлер тарабынан жасалган 140тан ашуун массалык көрүстөндөр аныкталганын билдирди.

Уюмдун баяндамасында Израиль аскерлери талаада өлүм жазасына тартылган палестиналыктарды бул мүрзөлөргө массалык түрдө көмүшкөнү айтылат.

Буга чейин палестиналык ЖМКлар Хан Юнистеги “Насер” ооруканасынын аймагында табылган массалык көрүстөндөрдөн чыгарылган сөөктөрдүн саны 310го жеткенин маалымдашкан.

Бул маалымат каражаттары палестин бийликтерине шилтеме жасап, бул мүрзөлөрдө дагы жүздөгөн дайынсыз жоголгон адамдардын сөөгү чыгышы мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Буга чейин Палестинанын Кызыл Жарым Ай Коому “Насер” медициналык комплексинин аймагынан табылган массалык көрүстөндөн табылган сөөктөрдүн саны 283кө жеткенин маалымдаган.

Массалык көрүстөндө Израилдин армиясы Газанын түштүгүндөгү Хан Юнис шаарында төрт ай операция жүргүзүп чыгып кеткенден кийин өткөн ишембиде табылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик маалымат жыйынында Газадагы массалык көрүстөн табылганы тууралуу кабарларды “абдан тынчсыздандыруучу” деп мүнөздөдү.

Ал Газа тилкесинин түштүгүндө табылган массалык көрүстөн боюнча ишенимдүү, толук жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк, Газадагы “Шифа” жана “Насер” ооруканаларынын талкаланышына ошондой эле израилдик аскерлер ал жерден чыгып кеткенден кийин алардын аймагынан массалык көрүстөндөр табылганына үрөйү учураганын билдирип, анклавда эмне болуп жатканын иликтөө зарылдыгын белгиледи.

Апрель айынын башында израилдик аскерлер чыгып кеткенден кийин “Шифа” ооруканасында да 380 кишинин сөөгү табылган.

22-апрелде БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын басма сөз катчысы Равина Шамдасани массалык көрүстөндө көмүлгөндөрдүн арасында улгайган адамдар жана аялдар да бар экенин, алардын айрымдарынын колу байланган жана кийимсиз табылганын билдирген.

22-апрелге карата Газада 34 миңден ашуун палестиналык, анын ичинде 14 миң 685 бала жана 9 миң 670 аял каза болуп, дагы 77 084 киши жаракат алса, 7000ден ашуун палестиналык урандылардын астында калганы болжолдонууда. Бул тууралуу БУУнун Жогорку комиссарынын башкармалыгы анклавдын саламаттыкты сактоо органдарына шилтеме берүү менен билдирди.

Комментарий жиберүү