Быйыл ажылык сапарга Ирандан 90 миң киши барат

Ирандын ажылык жана зыярат уюму менен Сауд Арабиянын Ислам иштери боюнча министрлигинин ортосунда жетишилген келишимге ылайык, быйылкы ажылыкка Ирандын 90 миң жараны катышат.

Бул тууралуу Ирандын Сауд Аравиядагы элчиси Алиреза Энаяти билдиргенин “Eurasia Today” маалымдайт.

Али Реза Энаяти ирандык зыяратчылардын бир нече жылдык тыныгуудан кийин Сауд Арабияга умра сапарлары башталганына токтолуп, бул аракеттер былтыр март айында Пекинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Ал Al-Arabiya телеканалына берген маегинде бул макулдашууларды ишке ашыруунун этаптарынын арасында эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын кайра жандандыруу жана бир нече умра каттамдарын уюштуруу да бар экенин экенин, анын алкагында Иран жарандары Сауд Арабияга умра сапарларына бара алышарын белгиледи. 

Эске салсак, Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы түз аба каттамдары 2016-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндөн кийин токтотулган.  2023-жылдын 10-мартында эки өлкө дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, элчиликтерин кайра ачууну макулдашышкан. Иран Сауд Аравиядагы элчилигин 1-майда ачып, андан соң Алиреза Энаятини элчи кылып дайындаган. 

Комментарий жиберүү