Иран президенти Израилге катуу эскертүү берди

Израиль дагы бир ката кетирсе, андан эч нерсе калбайт, деди Ирандын президенти Ибрахим Раиси Пакистанда Лахор университетинин студенттеринин алдында сүйлөп жатып.

“Эгерде сионисттик режим дагы бир ката кетирип, Ирандын ыйык жерине кол салса, анда ал такыр башка кесепеттерге дуушар болот жана Израилден бир нерсе калабы же жокпу белгисиз”, – деп билдирди Раиси.

Белгилей кетсек, Иран президенти азыркы тапта расмий сапар менен Пакистанда жүрөт. Анын сапары үч күнгө созулат.

Израиль-Иран чыры

Апрель айынын башында Израиль Ирандын Дамасктагы башкы консулдугуна кол салган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусунун маалыматы боюнча, кол салуудан жети ирандык офицер, анын ичинде эки жогорку даражалуу генерал кеңешчилер набыт болгон.

Эки жумадан кийин Тегеран Израилге жооп кайтарып, жүздөн ашуун пилотсуз учактар жана ракеталар менен сокку урган.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги Тегеран соккуну  БУУнун Уставынын 51-беренеси боюнча жана эл аралык укук тарабынан таанылган Ирандын өзүн-өзү коргоого болгон ажырагыс укугунун алкагында гана жасаганын билдирген.

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Мохаммад Багери Израилге каршы “Чындык убада” операциясы аяктаганын жана аны улантууну пландабай турганын билдирген. Ошол эле учурда ал  Израиль жооп чараларды көрө турган болсо, Ирандын кийинки операциясы мындан да масштабдуу болорун эскерткен.

19-апрелге караган түнү Израиль Иран аймагына квадрокоптерлер менен “чектелген” жооп сокку урган. Иран бийлиги кол салуудан эч кандай кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин билдирген.

Комментарий жиберүү