Кыргызстан менен Иран жүк ташуунун көлөмүн жогорулатууну талкуулады

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолукту.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Ошондой эле алар жүк ташуунун көлөмүн жогорулатуу жана бул жаатта жаралган айрым жагдайлар тууралуу сөз кылышты.

Өз кезегинде Голам Хоссейн Ядегари Тилек Текебаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосунда транспорт тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай тургандыгын баса белгиледи.

Комментарий жиберүү