Кытай айды изилдеген «Чанъэ-6» ракетин учурууга даярданууда

«Чанъэ-6» айды изилдеген ракетасын  май айынын башында ыңгайлуу учурга карап учурулмакчы. Бул тууралуу Кытай улуттук космостук башкармалыгы /CNSA/ билдиргендигин  «Жэньминь жибао» маалымат каражаты Синьхуага шилтеме берип билдирди.

CNSAнын маалыматына ылайык, ишембиде айды изилдеген  «Чанъэ-6» жана ракета-алып жүрүүчү «Чанчжэн-5 Y8» /Long March 5 Y8/ Хайнань провинциясындагы  /Түштүк Кытай/ Вэньчан космодромунун старттык аянтына жеткирилди.

27-апрелде кыймылдатуучу старттык платформа жогорудагы комбинациясы менен космодромдун  сыноо цехинен чыгып кетти жана учуруу зонасына ийгиликтүү жеткирилди.

Ракетаны учуруу алдында  биргелешкен тест жасалат жана ракета-алып жүрүүчүнүн күйүүчү майлары функционалдык текшерүүдөн өткөрүлөт.

 

1 of 8

-+

«Чанъэ-6» айды изилдөөчү ракетасы жана ракета алып жүрүүчү «Чанчжэн-5 Y8» январь жана март айларында космодромго жеткирилгенден кийин чогултуу, сыноо жана башка даярдык иштери ирээти менен бүткөрүлгөн.

«Чанъэ-6» айды изилдөөчү ракетасынын миссиясы Айдын тескери тарабындагы үлгүлөрдү чогултуу болуп саналат жана бул адамзат тарыхындагы биринчи космостук изилдөө катары эсептелет.

Комментарий жиберүү