Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Ирандагы ислам революциясынын жеңиши монархиялык режимдин миң жылдык тарыхына чекит койгон 20-кылымдын экинчи жарымындагы эң маанилүү саясий окуялардын бири катары каралат. Шахтын бийлигине каршы миңдеген карапайым жарандар, өлкөнүн бардык социалдык топторунун өкүлдөрү, алардын арасында ирандык аялдар да чыгышкан.

Мындан 45 жыл мурун болгон Ислам революциясынын жеңишинен кийин коомдун саясий жана социалдык турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүп, ал бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын абалына оң таасирин тийгизип, үй-бүлө жана аялдар маселесине жаңыча мамилени жана жаңыча көз карашты калыптандырды. Ислам революциясынын арты менен аялдардын коомдогу орду, бедели жана ролу жогорулады.

Шахтын доорунда аялдар өлкөнүн башкаруусунда эң төмөнкү кызматтарга ээ болсо, Ислам Республикасы негизделгенден кийин жетекчилик кызматтарда иштеген аялдардын саны өскөн.

Азыркы Иранда аялдар коомдук турмуштун түрдүү тармактарында – экономикалык, социалдык, саясий жана маданий турмушта, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун структураларынын иштеринде активдүү катышууда.

Бүгүнкү күндө ирандык аялдар эркектер менен теңме-тең иштешет, ал тургай жетекчилик кызматтарда да эмгектенишет. Ирандын жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин 60%га чукулу – кыздар. Аялдар унаа айдап, учак башкара алышат, мекемелерде иштешет, Парлементке мүчө, министр, полиция кызматкерлери боло алышат, бизнес менен алектене алышат жана шайлоолордо эркин добуш беришет.

1979-жылы 1-февралда Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни Франциядан 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Бул учурда Шах Мухаммед Реза Пехлеви үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Шах ошол бойдон Иранга кайтып келген эмес. Аятолла Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөндөн кийин 11-февралда Ислам Революциясы толук жеңишке жеткен.

Саясатчы аялдар

Аялдар Ирандын коомдук жана саясий турмушуна активдүү катышышат. Саясий катышуунун эң маанилүү көрсөткүчү – добуш берүү укугу жана саясий милдеттерди аткаруу. Ислам революциясынын жеңишинен кийин аялдар эки тармакта тең чоң өсүш жасаган. Аялдардын референдумга, демонстрацияга жана добуш берүүгө катышуусу эркектердики менен бирдей, ал тургай алардан да кеңири. Ислам революциясынын жеңишинен кийин аялдар көптөгөн аткаруучулук милдеттерди өз мойнуна алышкан. Ислам кеңешинде аялдардын болушу алардын Ислам республика түзүмүндөгү өзгөчө ордун көрсөтөт.

Сүрөттө Масуме Эбтекар

Алсак, революциядан кийин министр кызматына келген аял Марзие Вахид Дастжерди болгон. Ал экс-президент Махмуд Ахмадинежаддын кабинетинде Саламаттыкты сактоо жана медициналык билим берүү министри болгон.

Мурунку президент Хасан Руханинин тушунда Элхам Аминзаде укуктук маселелер боюнча вице-президент болуп иштеген.

Масуме Эбтекар ирандык саясий жана мамлекеттик ишмер. 2013-жылдан бери Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча вице-президенти болуп иштеген. 2021-жылы анын ордуна Энсия Хазали келген. 

Жетекчилик кызматтар иштеген аялдарды чекесинен санап кете берсең бүтпөйсүң.Ислам революциясынан кийинки аялдардын илим жолундагы өсүшү

Бүгүнкү күндө Ислам революциясынан бери көп жылдар өтсө дагы, «мусулман аялдын үлгүсү» менен «батыштын материалдык үлгүсү» ортосунда олуттуу жана принципиалдуу айырмачылык бар. Батыштыктар ар дайым өздөрүнүн туура эмес көз-караштарын жана амалдарын дүйнөгө жайылтууга аракет кылышат жана ушундай жол менен ар дайым пропаганда жана медиа айла-амалдарын күн тартибине коюшат.

Бүгүнкү күндө Иранда окумуштуу, ар кандай илимий тармактарда профессор аялдардын болушу Ислам Республикасынын ийгилигинен кабар берет.

Алсак, доктор Фаезе Кашанян физика боюнча магистр даражасына ээ, нанобиотехнология тармагында докторантура жана пост-докторантурага ээ. Ирандагы илимге негизделген компаниялардын биринин башкы директору жана компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы, ошондой эле «Нано үйүнүн» техникалык жана кесиптик башкаруусун да жетектейт.

Ал өзүнүн командасы менен илим менен табиятты бириктирип, сапаты жагынан чет элдик аналогдорго атаандаша ала турган табигый нано косметикалык продукцияларды рынокко алып чыгы алган.

Профессор Нахид Пурреза, Хузестандык көрүнүктүү химик, үлгүлүү профессор, Гондишапур университетинин биринчи профессор аял.

Дүйнөлүк статистика дагы Ирандын даңазалуу революциясы аялдардын ар түрдүү тармактарда мыкты болушуна негиз бергенин көрсөтө алат.

Ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комиссарынын кеңсеси аял дарыгерлердин саны эркектерге салыштырмалуу 15%дан 40%га чейин көбөйгөнүн көрсөтөт.

Ушул эле булак 1996-жылдан 2006-жылга чейинки аралыкта тар адистиктеги дарыгер аялдардын катышы 9%дан 30%га чейин көбөйгөнүн тастыктайт.

Аялдардын маданият жана искусство тармагында орду

Ислам ыңкылабынын келиши менен аялдардын чеберчилиги да өзгөрүүгө дуушар болуп, искусствонун бардык тармагында активдүү катыша алышты. Буга Иран тасмаларындагы аялдардын ойногон ролу далил боло алат. Көптөгөн кыздар жогорку окуу жайларында искусствонун адистештирилген тармактарында билим алып, миңдеген көркөм чыгармаларды жаратышты.

Ислам революциясынын жеңишинен кийин Ирандагы жазуучу аялдардын укмуштуудай ийгиликтери тууралуу жазган “New York Times” гезити “Ирандык жазуучу аялдар, Ирандын жылдыздары” деген макаласында “Иранда жазуучу аялдардын саны акыркы он жылда 13 эсеге көбөйдү жана дээрлик азыркы эркек жазуучулардын санына барабар… 1979-жылдагы Ислам революциясы ирандык аялдар үчүн бардык тармактарда бурулуш учур болду”, – деп жазган.

Аялдардын спорттогу орду

Иранда ар кайсы тармактарда үй-бүлөнүн таянычы катары аялдардын бул катышуусунун мисалы катары, алардын спорт талаасында болушун айтсак болот. Ислам революциясынын арты менен ирандык кыз-келиндер эркектерден кем калбай, ар кандай эл аралык спорттук иш-чараларга жигердүү катышып, өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтүп келишет. Ислам революциясынын жеңиши менен өлкөдөгү спорт, өзгөчө аялдар спорту көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Өлкөдө, ал тургай эң алыскы аймактарында да инфраструктуранын жана спорттук курулуштардын көбөйүшү жалпы эле спорт менен машыгууга жакшы шарттарды түздү. Революциядан бери бүгүнкү күнгө чейин аялдар спортунун түрү 7ден 50гө чейин көбөйсө, машыктыруучу аялдардын саны 9дан 35 миңге көбөйгөң. Ошондой эле, Ислам революциясынын жеңишинен кийин аялдардын атайын спорт залдарынын саны 30 эсеге көбөйгөн. Кыз-келингдер спортунун түзүмүнө бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, акыры, 2019-жылы Аялдар спортун өнүктүрүү боюнча бөлүм түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө эл аралык мелдештерде ирандык аялдардын байгелүү орундарды алышы Ислам революциясынын жеңишинен кийин жетишилген чоң сыймыктардын бири десек болот.

Ирандык аялдардын ар кандай спорттук мелдештерте алган медалдары революцияга чейин 2 болсо, Ислам революциясы учурунда 800гө жакын медалга чейин көбөйгөн.

Комментарий жиберүү